www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Египеттин Александрия провинциясында 13 кабаттуу имарат урап түшкөнүн Youm7 басылмасы жазып чыкты.

Облус губернатору кырсык болгон жерге 10 тез жардам унаасы жөнөтүлгөнүн билдирди. Имараттын биринчи кабатында супермаркет бар болчу.

Азырынча бир гана адам жабыркаганы айтылууда, бирок бийлик урандылардын астында адамдар болушу мүмкүн деп эсептейт.

Имараттын жанында токтоп турган бир нече унаа жабыркаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, үйдүн кулашына анын курулушундагы олуттуу мүчүлүштүктөр себеп болгон.

Басылма имаратта ижарага берилген батирлер жайгашканын белгилейт. Жеринде баардык биринчи жардам көрсөтүү кызматтары иштеп жатат. Иттери бар кинологдор урандылардын астындагы адамдарды издөөгө киришти.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости