www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суучулдар Ысык-Көлдүн түбүн 91 күндөн бери тазалап жатышат

Суучулдар Ысык-Көлдү 91 күндөн бери тазалап жатышат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, соңку бир апта ичинде Бостери айылындагы “Золотые пески”, Чолпон-Ата шаарындагы “Лагуна” “Голубой Иссык-Куль”, Ч.Айтматов атындагы “Рух-Ордо” маданий комплекси , Бактуу-Долоноту айылындагы “Ден-соолук, “Каприз” пансионаттарынын аймагындагы көлдүн түбү тазаланды.

«Учурда ӨКМдин суучулдары көлдүн түбүн таштандылардан тазалоону улантууда. Ал эми 12-марттан тарта жалпы Ысык-Көлдүн акваториясынын 211 2254,59 гектар аянты тазаланып, суу астынан 7505 кг таштанды, 96 000 метрге жакын балык уулоочу тор чыгарылды», — деп айтылат маалыматта.

​​​​​​
Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости