www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Египеттин, Австриянын жана Германиянын археологдору Абидостогу (Каирден 500 км алыстыкта) Умм Эль-Каабдын байыркы падышалык некрополунан Мернейт ханышанын мүрзөсүн казуу учурунда жүздөгөн кумураларды табышкан. Бул тууралуу Ahramonline порталы билдирди.
Маалыматка ылайык, кээ бир кумураларда 5000 жылдык шараптын калдыктары бар. Көпчүлүк кумуралар мурда ачыла элек, дешет адистер. Археологдор сөөк коюу эмеректерин да табышкан.
Мүрзөнүн ичиндеги жазууларга караганда, ханыша Мернейт (Байыркы Египеттин алгачкы падышалыгынын Биринчи династиясынан) борбордук мамлекеттик мекемелерди башкарган. Анын мүрзө комплексинде 41 башка көмүлгөн, анын ичинде кызматчылардын жана сарай кызматчыларынын мүрзөлөрү да бар.
Булак: NazarNews.kg