www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3-4-октябрда Казакстандын борборунда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) кирген өлкөлөрдүн энергетикалык форуму өтөөрүн республиканын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров билдирет.

«2023-жылдын 3-4-октябрында Астанада Казакстандын төрагалыгы астында Kazakhstan Energy Week 2023 жана Евразиялык Kazenergy форумунун алкагында Шанхай кызматташтык уюмунун энергетикалык форуму өтөт. Ишке ШКУга мүчө-мамлекеттер, байкоочулар жана келишим боюнча өнөктөштөр катышат», - деди Смадияров брифингде.

Ал белгилегендей, делегация башчылары ШКУнун алкагында энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн стратегиялык ыкмаларын талкуулап, аймактын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо боюнча чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн карашат.

Белгилей кетсек, буга чейин Казакстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы президент Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен республика ШКУнун энергетикалык стратегиясын иштеп чыгып жатканын билдирген. Документ 2030-жылга чейин аталган тармактагы уюмдун мүчөлөрүнүн мындан аркы кызматташуусунун негизги багыттарын камтыйт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости