www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германияда жүргүзүлгөн бир операцияда Байыркы Египетте калган калдыктардын генинде түрк изине кездешилди.

Биздин заманга чейинки 1400 – 400 – жылдардын ортосунда Египетте чыгарылган мумияларды анализдеген илимпоздор калдыктардагы гендердин Жер Ортолук деңизиндеги кишилердин гендерине дагы жакын экендигин ортого салды.

Тюбинген университети менен Йенедеги Макса Планка адам тарыхы билими институтунда ишке ашкан иликтөөдө алгачкы чыныгы ген маалымат базасы түзүлдү.

«Nature Communications» журналында орун алган иликтөөнүн жыйынтыгында заманбап египеттиктердин аталарынан дагы көп Түштүк Африка генин ташыгандыгы белгилүү болгон.

Байыркы египеттиктердин Жакынкы Чыгыштагы кишилер менен ген жагынан дагы жакын экендиги белгиленип, изилдөөнү башкарган Йоханнес Краузе иликтөөнү 151 мумия менен  ишке ашырышкандарын айтты.

Краузе  иликтөө жүргүзүп жатканда Улуу Александр жана башка ысымдардын египеттиктердин гендерине таасир берип же бербегендигин табууну каалашкандарын айтты.

Байыркы египеттиктердин гендеринде  Анадолу жана Европадан издер табылганы белгиленген илимпоздор азыркы күндөгү Сирия, Иордания, Израиль жана Ливандын да гендер жыйнагынан орун алгандыгын белгиледи.

Илимпоздор азыркы күндөгү египеттиктердин генинде болсо Африканын оор баскандыгы айтылып, иликтөөнүн ушул кезге чейин Египеттеги мумиялардын ген карталары боюнча жасалган алгачкы жана эң кенен эмгек болгондугу белгиленди.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости