www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Египеттин Асуан провинциясында жамгыр менен мөндүрдөн кийин бак-дарактар кулап, электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Аймактагы чаяндардын уялары да жабыркап, уулуу курт-кумурскалар көчөлөргө жайылып кеткен. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Чаяндар 500дөн ашык адамды тиштеп алган, алардын ичинен үчөө каза болгон. Египетте чаяндардын эң коркунучтуу түрүнүн бири болгон семиз куйруктуу чаян (Androctonus crassicauda) жашайт. Анын уусу адамды бир саатта өлтүрөт.
Тоолорго жана чөлгө жакын айылдардагы медициналык пункттарга антидоттун кошумча дозалары жөнөтүлдү. Өкмөт, тургундарга үйлөрүнөн чыкпоону, ошондой эле бак-дарактуу аймактарга жакындабоону сунуштоодо.
Калкты коронавируска каршы эмдеген дарыгерлердин айрымдары чаяндардан уулангандарга жардам көрсөтүүнү улантышты. Египеттин Саламаттыкты сактоо министрлиги чаян чаккан адамдарга тезинен ооруканаларга кайрылууну сунуштады.
Булак: NazarNews.kg