www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдө кырсыктап каза тапкан журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнүн себептери иликтенүүдө. Жакында “Азаттык” радиосу облустук прокуратура иликтөө мөөнөтүн бир айга узартканын, муну экспертизанын корутундулары даяр боло электигине байланыштуу жагдайды толук объективдүү иликтөө үчүн жасалган чара катары түшүндүргөнүн кабарлаган.
Бирок, Улан Эгизбаевдин досу Каниет Жыргалбеков “Азаттыктын” маалыматтарын жалганга чыгарды. Ал өз баракчасында иш бир айга узарбаганын, экспертиза менен да эч ким сүйлөшпөгөнүн, маалымат такталбай чыгып кеткенин билдирди.
Ал эми “Азаттыктын” маалыматына караганда, тергөө органдары У.Эгизбаевдин киши колдуу болуп өлгөнү боюнча кылмыш ишин ачыша элек. Аларда мындай көрсөтмө жок болгондуктан, учурда адам өлтүрүү боюнча иш козголгон эмес. Анткени, “журналисттин денесинде киши колдуу болуп, күч колдонуунун белгилери жок” экендигин айтышууда. Болгону кырсыктын себептери, пансионатта коопсуздук чаралары көрүлбөгөнү боюнча гана иликтешет.
Бул учурда укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров журналисттин өлүмүнүн жакшы тергелбей жатканына наразы болуп Өкмөт үйүнүн алдына акцияга чыкты.
- ИИМдин "сууга чөктү" деген маалыматына чектелип отуруп калган болбойт. Өлүмдүн себептерин аныктай турган, жарандык коомдун өкүлдөрү кошулган күчтүү өкмөттүк комиссия же көчмө топ түзүүнү талап кылам. Мындан сырткары, ошол трагедия болгон пансионат жабылсын. Президент да, өкмөт да - бардыгыбыз ушул трагедиянын аныгына жетишибиз керек - эмнеге мындай кырсык болду? Анткени Уландын окуясы боюнча көп түшүнүксүз жагдайлар бар, биз так маалымат алышыбыз керек, - деген Өндүрүш Токтонасыров “Азаттыкка”
Булак: NazarNews.kg