www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Екатеринбург шаарында Кыргызстандын жана Россиянын укук коргоо органдарынын биргелешкен иш-аракеттеринин натыйжасында адам уурдоого жана опузалап акча талап кылууга шектелген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Кыргызстандын ИИМдин Россиядагы Өкүлчүлүгүнө Кыргызстандын жараны кайрылып, белгисиз адамдар тарабынан коркутуулар болуп, ири суммадагы акча талап кылынганын билдирген.
Маалымат Свердлов облусу боюнча Россиянын ИИМинин башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилип, биргелешкен ыкчам-издөө иштери башталган.
2026-жылдын 5-августунда жабырлануучуну белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Атайын операциянын жүрүшүндө анын турган жери аныкталып, бошотулган.
Окуяга шектүү катары 1993-жылы туулган У.М. жана Т.О. аттуу эки адам кармалган.
Учурда Россиянын укук коргоо органдары кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо жана алардын мурда жасалган оор жана өзгөчө оор кылмыштарга тиешеси бар-жогун текшерүү иштерин жүргүзүүдө.
Кыргызстандын ИИМдин Россиядагы Өкүлчүлүгү мекендештердин коопсуздугун камсыздоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу багытында Россиянын укук коргоо органдары менен кызматташууну улантууда.