www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 31-августта жаңы салынган «Бишкек Арена» стадионунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына билет баалары талкуу жаратты.
Жакында белгилүү болгондой, билеттердин баасы секторго жана орунга жараша 5 миңден 9 миң сомго чейин турат.
Иш-чарага кирүү Face ID аркылуу жүргүзүлөт. Андыктан билет ээсинин жеке маалыматтарына байланыштырылып, аны башка адамга берүүгө же кайра сатууга болбойт.
Белгилей кетсек, бул иш-чара стадиондун расмий ачылышы эмес. "Бишкек Арена" расмий 5-октябрда шоу-концерт менен салтанаттуу ачылат.
Мындан тышкары, Көчмөндөр оюндарынын ачылышын жалпы калкка түз алып көрсөтүү үчүн "Ала-Тоо" аянтында чоң фан-зона уюштурулат.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышынан кийинки спорттук мелдештер жана маданий программа Чолпон-Ата шаары менен Кырчын жайлоосунда өтөт.
Кыргызстанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт.