www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет өлкөлүк каттоодогу унааларды мыйзамдаштыруу өнөктүгүнүн мөөнөтү 1-сентябрда аяктайт. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор эскертти.

Борбордун маалыматында, 12-августка карата өлкө боюнча 2 миң 238 унаа мыйзамдаштырылды. Өнөктүктүн мөөнөтү бүткөндөн кийин каттоо иштери жүргүзүлбөйт.

Легалдаштыруунун баасы:

  • Кыймылдаткычынын көлөмү 2000 см³ чейинки унаалар үчүн — 50 миң сом;
  • Кыймылдаткычынын көлөмү 2000 см³ ашкан унаалар үчүн — 100 миң сом;
  • Электромобилдер үчүн — 50 миң сом.

Каттоодон өткөн унааларга Кыргызстандын «10» региондук коду менен мамлекеттик номерлер берилет. Өнөктүктүн алкагында жеңил, жүк ташуучу унааларды жана электромобилдерди мыйзамдаштырууга болот. Мамлекеттик борбор жарандарды документтерди өз убагында тапшырууга чакырат.

Последние новости