www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактураларды (ЭЭФ) тариздөө тартибине бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.

Тиешелүү долбоор коомдук талкууга чыгарылды.

Долбоорго ылайык, май куюучу жайларда күйүүчү майды сертификат жана талон аркылуу сатууда электрондук эсеп-фактураларды толтуруу тартибин тактоо каралууда.

Мындан тышкары, накталай эмес төлөмдөрдө банктык реквизиттерди көрсөтүү, товар ашыкча жазылып калган учурда ЭЭФке оңдоо киргизүү механизмин аныктоо сунушталууда.

Ошондой эле төлөмдүн төрт түрүн — накталай эмес, накталай, акысыз берүү жана товар алмашуу түрлөрүн белгилөө каралган.

Долбоордо сатуудан алынуучу салыктагы туруктуу 4 пайыздык ставканы алып салып, анын ордуна салык мыйзамдарында белгиленген тиешелүү ставкаларды колдонуу сунушу да камтылган.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, сунушталган өзгөртүүлөр электрондук эсеп-фактураларды толтурууда кетирилген каталарды жана түшүнүксүз жагдайларды азайтууга багытталган.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Последние новости