www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Япония Түндүк Кореянын баллистикалык ракета учурганына байланыштуу Пхеньянга дипломатиялык каналдар аркылуу чечкиндүү нааразылык билдирди. Бул тууралуу Япониянын коргоо министри Синдзиро Коидзуми билдирди.
Анын айтымында, ракета болжол менен 690 чакырым учуп, эң жогорку 90 чакырым бийиктикке жеткен. Ал Япониянын өзгөчө экономикалык аймагынан тышкары, Жапон деңизине кулаган.
Япония бул сыноону БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюцияларын бузуу деп баалоодо. Учурда Токио АКШ жана Түштүк Корея менен биргеликте ракеталык учуруу боюнча маалыматтарды талдап жатат.
Буга чейин КНДР 6-августта да ракета учурган.