www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин Тажикстандын аймагында кармалган 1992-жылы туулган Р.Исмаилов Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын жаранын 2021-жылдын 1-ноябрында Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка — Борбордук жол тилкесинде кармашкан.

Ал 10-январда Лейлек районунун аймагында жайгашкан «Кулунду-автожол» өткөрүү пунтку аркылуу кайтарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости