www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бир катар чиновниктердин маянасын жогорулатууга беш жылдык мораторий жарыялады.

Мамлекет башчы жаңы премьер-министр дайындалгандан кийин Казакстан мажлисинин депутаттарынын алдында билдирүү жасады.

"Бюджеттин кирешеси тууралуу карап жатканда айрым чыгашаларды белгилей кетүү керек. Өкмөт мүчөлөрүнүн жана депутаттардын, анан албетте, акимдердин маянасын айтпай кетсек болбос. Өткөн жылдын аягында бул маселе коомчулукта кызуу талкууга түшкөн. Андыктан мен аталган категориядагы мамлекеттик кызматкерлердин маянасы жетиштүү деп ойлойм. Ушуга байланыштуу өкмөт мүчөлөрүнүн, региондогу акимдердин жана депутаттардын айлыгын жогорулатууга беш жылдык мораторий киргизүү зарыл деп эсептейм", — деди Токаев.

Ошондой эле мажлис депутаттары үчүн бул жакшы жаңылык эместигин белгилеп, бирок түшүнүү менен кабыл алышат деген оюн ортого салды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости