www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын Ханау шаарындагы ок атышуунун натыйжасында 8 адам каза тапты. Бул тууралуу Рейтер федералдык полицияга шилтеме берип, жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кол салуучу (жалгыз эмес болушу мүмкүн) эки барга ок атып, унаа менен качып кеткен. Азыр ал эркиндикте жүрөт.

Анын эмне себептен атканы азырынча белгисиз.

Ханауда 90 миңге жакын тургун бар.

Биринчи окуя жергиликтүү жердин убактысы боюнча болжол менен саат 22:00до болгон. Күбөөлөр жергиликтүү басылмаларга онго жакын октун үнүн угушканын айтышкан.

Андан кийин ок аткан адам унаага түшүп Курт-Шумахер-платц аянтын көздөй бет алган.

Маалымат боюнча биринчи барда үч адам, экинчисинде беш адам көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости