www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Сүйүн Өмүрзаков милиция чиновниктерин эки колунан карматып тумшукка урган жагынан устат. Ал Атамбаевдин алаасына жамынып Ош милициясын жетектеп турган Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисин эки колунан кароматтырып туруп ой-да моокуму канганча мурдун каңдаган жери бар. Ошту жетектеп турганда бир көчөнү жеке менчиктештирип алган жагы да, ал көчөдөн бир гана милиция ачендиктеринин машиналары гана өтө турган.  Анын элди коркутуп-үркүтө турган “Мухаммад-Умар” спорттук клубу-бул жеке көз карандысыз компаниясы бар. Бир тууганы  Улукбек Өмүрзаков ага таянып күзөт компаниясынын ээси деген сөз бар. Спорттук клубдун катышуучулары күзөттөө милдетин дагы аткарышат дешет. Дагы бир бир тууганы  эмгектенип келген. Прокуратурада иштеген Улук Өмүрзаков бир жылдай мурун “Жолчырак” ЖЧКнын көмүр кенин мыйзамсыз басып алганы, анын негиздөөчүлөрүнүн бири Каназар Идирисов  болгон, ошондой эле андан “доля” талап кылганын айтып, ага карата чара көрүүнү Идирисов суранган. Бул факт маалымат журналына катталган. Сүйүн Өмүрзаковдун бир туугандары коопсуздук органдарын менчиктештирип алгандай.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости