www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бюджет боюнча парламенттик угуу өтөт

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде «Өлкөнүн 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга бюджеттин болжолу жөнүндө» парламенттик угуу өткөрөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ага мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

Финансы министри Кыялбек Мукашевдин маалыматы боюнча, 2020-жылга республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 137 млн 131 миң 400 сом суммасында болору болжолдонууда. Бул 2020-жылга карата биринчи ирет такталган бюджеттин кирешесине салыштырмалуу 1 млн 784 миң 600 сомго жогору.

Эске салсак, Республикалык бюджеттин жалпы чыгымы 9 млн 733 миң 700 сомго жогорулоо менен 172 млн 772 миң 800 сомду түздү. Ал эми бюджеттин тартыштыгы 7 млн 949 миң 100 сомго жогорулоо менен 35 млн 641 миң 400 сом суммасында болору күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, бюджетти талкуулоо боюнча парламенттик угуу 13-ноябрда саат 14-00дө башталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости