www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнүн Зергер айылынын 1991-жылы туулган тургуну Майрамбек Жаныбек уулу өспүрүмдөрдүн колунан мыкаачылык менен каза тапкан. Кечээ, 29-июлда маркумдун айылдаштары жана туугандары кылмыш иштин адилеттүүлүк менен тергелишин талап кылып, Өзгөн районунун борбордук аянтына чогулушкан.

Маркумдун бир тууган иниси Майсалбек агасынын сөөгүн 8 күн издешкенин "Турмушка" билдирди. Анын айтымында, агасы эч кимге катуу айтчу эмес. Майсалбек учурда Екатеринбург шаарында.

«Агам тың болчу. "Бөрү" деген күзөт агенттигинде иштечү. Анча-мынча таксист болуп калчу экен. Мен агам каза болордон 3 күн мурун сүйлөшкөм. Эч кимге жамандыгы жок болчу. Агам түнкү нөөмөттө иштегени үчүн үйгө 1-1,5 күндөн кийин барчу. Үйдөгүлөрдүн баары эле келип калар деп күтүп жатышкан. Аялы чалса телефону өчүк болуп, жооп жазбай жаткан. Үйдөгүлөр эртеси жумушуна чейин барып, издеп башташкан. Мага 3-4 күндөн кийин агам жок болуп жатканын айтып, досторуңан, тааныштарынан сураштырчы деп айтышты.

Мен учурдагы пандемияга байланыштуу Кыргызстанга бара албай жатам. Угушума караганда агам окуя болгон күнү Өзгөн шаарында таксист болуп иштеп жүргөн. Агам эс-учун жоготкондо өлүп калды деп ойлоп, Кара-Дарыяга алып барып, унаанын багажындагы бензинди чачып, өрттөп, сууга ыргытып жиберишкен. Кийин агамдын унаасы өрттөлгөн абалда табылды. Сегизинчи күн дегенде агамдын сөөгү суудан чыкты. Ага чейин агамдын каза болгонун билген жокпуз. Азыр күнөөлүү балдардын бешөө тең кармалыптыр. Бирөөнүн жашы жете элек болгондуктан үй камагында экен. Күнөөлүүлөржаза алышын талап кылабыз. Жаш экен деп үй камагына чыгарганына макул эмеспиз», - дейт Майсалбек Жаныбек уулу.

Маркумдун эжеси Айнура Коргонбаева иниси насыяга унаа алып, бош убактысында таксист болуп иштеп келгенин, акыйкаттык үчүн Ак үйгө чейин барышарын айтты.

«Майрамбек менин агамдын уулу. Буга чейин бир да жолу мушташып, урушуп келгенин көргөн жокмун. Айылдан Өзгөн шаарына каттап иштечү. Жакында Өзгөн шаарынан ижарага батир алууну көздөп жаткан. 2 баласы бар. Аялы 3 айлык кош бойлуу.

Башында каза болгонун билген жокпуз. Унаасы өрттөлгөн абалда табылганда гана тынчсызданып, күтүп жаттык. Тилекке каршы инибиздин жүзүн дагы көрбөй, жерге бердик. Жеңем (маркумдун апасы) уулунун айынан учурда эс-учун жоготуп жатат. ФАПтын кызматкерлери жардам берүүдө.

Баарыбызда бала бар, эртеңки бала-чакабыз үчүн да кооптонобуз. Өзгөнгө барып, кеч калса ушундай окуяга туш болуп калышын каалабайбыз. Мындан улам акыйкаттык үчүн баарына даярбыз. Бүгүн дагы айылдаштар, туугандарыбыз районго барып, акыйкаттыкты талап кылышты. Инибизди өлтүргөндөр жазасыз калбаш керек. 5 бала тең убактылуу кармоочу жайда отурсун. Эң өкүнүчтүүсү инибиздин жүзүн көрбөй жерге бердик. Өлүкканадан өздөрү ороп берип, ачпагыла дептир. Агам менен күйөө баласы барып, сөөктү жуушту. Алардын айтымында, инибиздин эки көзү, кулагы, колдорунун манжалары, чачы жок. Ошондой абалга алып келген 5 баланы кантип кечиребиз? Бүгүн аким Бактыбек Алайчиев келип, кабар алып кетти. Жазасыз калбайт деп айтышты», - деди А.Коргонбаева.

Маркумдун артында кош бойлуу аялы, 3 жана 1,5 жаштагы балдары калды.

Видео Адыл Акжол уулуна таандык

Булак: NazarNews.kg

Последние новости