www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки облус талашкан цемент заводу

Ош жана Баткен облустарынын ортосунда "Түштүк-кыргыз цемент" заводунан түшчү салыктын айынан андагы жер аянтына ээлик кылуу маселеси кайрадан талашка түштү. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

Парламентте цемент заводу турган жерди Ош облусуна өткөрүү боюнча токтом Баткендин кызыкчылыгын басмырлап, аймактык ажырымга алып келүүчү аракет катары сынга алынды. Буга байланыштуу өкмөт ал токтомду чакыртып алды.

Ошол эле учурда Ноокат районунун коомчулук өкүлдөрү цемент заводу турган жер Т. Кулатов айылдык аймагына таандык экени Жогорку сотто ырасталганын жүйө келтиришүүдө.

Баткендин таарынычы

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Карамат Орозова "Түштүк-кыргыз цемент" заводу жайгашкан жер аянтын Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айылдык аймагына өткөрүү боюнча өкмөттүн токтомун аймактык ажырымга алып келчү аракет катары кабыл алды.

Депутат Карамат Орозова бул маселеде Ноокаттын мурдагы акими, азыркы вице-премьер-министр Замирбек Аскаровду "аймактык тар кызыкчылыкты көздөдү" деп айыптап, бул үчүн аны токтоосуз кызматтан алууну талап кылды:

Карамат Орозова.

Карамат Орозова.

- Облус Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешип, чек ара маселеси жогору турат десек, анда азыр Кызыл-Кыя менен Ош облусунун Ноокат районунун көйгөйү андан да жогору болуп атат. 10 жылдан бери цемент заводун Ноокаттын администрациясы талашып, бизге кыйынчылык жаратып жатат. Баткен облусу кезинде "Ноокаттын Кулатов айыл аймагынын тургундары Кызыл-Кыяда деле иштеп, ал жакта медициналык кызматтарды алып келишет экен" деп салыкты бөлүштүрүүнү 50/50гө бөлүүгө макул болгон. Президент аймактык бөлүнүүгө каршы туруу жана андай көрүнүштөргө чара көрүү маселесин коюп жатканда, ушул туурабы? Эми вице-премьер Замирбек Аскаров премьер-министр Абылгазиевге туура эмес маалымат берип, токтом чыгартканы элди дүрбөлөңгө салып жатат. Азыр Кызыл-Кыянын аксакалдары бир-эки жумадан бери өкмөт башчыга кире албай жүрүшөт. Элди аймакка бөлгөн же туруктуулукту бузган, өз кызматынан пайдаланган кадрларды өкмөттө кармап туруунун зарылчылыгы барбы? Ошондуктан Замир Аскаровду кызматтан алууну сунуш кылам.​

Сүрөт www.ykc.kg сайтынан алынды.

1999-жылы Баткен облусу түзүлүп, бирок ага караган Кызыл-Кыя менен Ош облусуна караштуу Ноокат районунун чек арасы так аныкталбай келген.

2012-жылы Жогорку сот цемент заводу турган жерди Ноокаттын Кулатов айылдык аймагына таандык деп тапкан. Ошондо "Түштүк-кыргыз цемент" заводунан түшкөн салыкты Баткен менен Ош облусунун ортосунда тең бөлүү боюнча чечим чыккан эле. Жакында Жогорку соттун чечимин аткарыш үчүн өкмөт цемент заводу турган жер аянтын биротоло Ош облусунун карамагына өткөрүү жөнүндө токтом даярдаган. Бирок өкмөт заводдон түшчү салык режимин мурдагыдай эле калтырууга убада берип, ал токтом артка кайтарылганын жарыялады.

Өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаевталаш жер иш жүзүндө Баткендин Кызыл-Кыя шаарына таандык экенин айтты:

Абиш Халмурзаев.

Абиш Халмурзаев.

- Бул цемент заводу негизи башында жаңыдан түзүлгөн Баткен облусунун экономикасын көтөрүш үчүн курулган. Документтер боюнча бул цемент заводу турган жер Кызыл-Кыя шаарына карайт. Бирок көп жылдан бери бул боюнча талаш-тартыш болуп келе жатат. Себеби ошонун астында бир айыл бар. Ал жерде өндүрүштүк тилке бар. Ал айылга таза суу алып бардык, жолун оңдодук, мектеп, эмкана курдук. Анда жашаган тургундардын каттоосу бизде турат. Анан бул жер бир картада бир жакка, экинчисинде экинчи тараптын чек арасына кирип калганы үчүн талаш токтобой келе жатат. Бирок иш жүзүндө ал жер аянты Кызыл-Кыяга карап турат.

Жерди кайтарып алууну көздөгөн демилге

Бул талаш маселе жана өкмөт мүчөсү катары ага кандайча катышы болгону тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров менен байланышып, комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Бирок Оштун Ноокат районунун коомчулук өкүлдөрү басма сөз жыйынында мыйзам баарына бирдей экенин жана алар цемент заводу турган 200 гектардан ашуун жер аянтын кайтарып алууга умтулаарын белгилешти.

Ноокаттын Кулатов айылдык аймагынын мурдагы жер адиси Жуман Муратовмурдагы териштирүүлөрдө жердин аларга таандык экени ырасталганын айтты:

- Цемент заводун иштетиш үчүн бардык чийкизат биздин Кулатов айыл аймагынан ташылып келет. Ошондуктан ошол жер башында тандалган. Анан завод иштей баштаганда талаш чыгып, эки облустун өкүлдөрү чогулуп, карталарды коюп алып тактаган болчубуз. Ошондо ал Ноокат районунун Кулатов айылдык аймагына караштуу экени тууралуу макулдашууга келип, акт түзүлгөн. Баткен облусу түзүлүп жаткан учурда эки облустун чек арасы 1982-жылдагы карта боюнча аныкталган болчу.

Сүрөт www.ykc.kg сайтынан алынды.

Мындан сырткары Ноокат районунун акимчилиги бул маселе тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты. Райондун коомчулук өкүлдөрү болсо Жогорку сот 2012-жылы эле бул маселеге чекит койгонун, бирок Баткендин жетекчилиги аны негизсиз жерден козгоп жатканын сындашты.

Ноокаттык аксакал Азим Абдуллаев сот чечимин жана мыйзамдарды аткаруу бардыгына бирдей болушу керек деп эсептейт:

- Цемент заводу жайгашкан жер бизге караштуу экени 2012-жылы район аралык сотто, эки ирет Жогорку сотто далилденип, чечим чыккан. Ошого карабастан Баткен облусунун жетекчилиги улам эле "жаңы ачылган жагдайлар" деген жалган маалыматтардын негизинде бул маселени кайра көтөрүп, Жогорку соттун чечимин бузууга аракет кылып келди. Бул жерде сотттордун чечимдери жана мыйзам баарына бирдей болууга тийиш.

Өкмөт аппараттынын башчысы Мурат Мукамбетов "Түштүк-кыргыз цемент" заводу жайгашкан жердин административдик жактан каякка таандык экени боюнча чыккан талашка байланыштуу өкмөттүн токтому кайрадан карала турганын билдирди. Анын айтымында, бул токтом кемчиликтер тууралуу коюлган дооматтарды эске алуу менен кайрадан иштеп чыгарылат. Бул цемент заводу жылына 1 миллион 200 миң тонна цемент өндүрүүгө ыңгайланышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости