www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Менин бул жазгандарым кээ бирөлөргө жакпастыр, бирок бүгүн жазгым келди. Негизи баарына жагыш кыйын, айрыкча биздин кыргыздарга. Жагынайын деген ойдон алысмын. Мүмкүн бүгүнкү күндө мамлекеттибиздин элибиздин арасында болуп жаткан көйгөйлөргө бир аз болсо да жакшы жагына өзгөрүү болобу деген үзүлбөгөн үмүт.

Туура биз Кыргыздар улуу, тарыхы бар кыйын элбиз, сөз жок. Чын эле кыйын болсок биригип, ынтымака келип, бир жерге чогулуп жеке керт башыбызды ойлобой элибиздин мамлекеттибиздин келечек муундардын келечек тагдыры эмне болот? Мына ушулар боюнча ой бөлүшүп, кеңешип жашообузду жакшы жака бурганга аракет жасабайлыбы? Туура Акаевди жаман жеп ичип койду деп Бакиевди алып келдик. Кокуй, мамлекетти Бакиевдин баласы, иниси башкарып калды деп аны кууп чыканга үлгүрдүк. Ак үйдүн алдындагы төгүлгөн канга, Түштүктөгү чоң жоготууларга ким күнөөлү экенин тастыктай албадык. Аял башы менен ошончо эркек сөрөйлөрдүн арасынан суурулуп чыгып ортодо Роза Отунбаева бир аз болсо да элдин тынчтанышына көмөк көрсөтү. Кудай буйруса мен мамлекетти оңдойм, коррупция менен күрөшөм деп коррупцияны болуп көрбөгөндөй күчөтүп күрөшмөк турсун, коррупцияга батып электр менен сантехниктин бир кызмат кылганга үзүрлүү жетиштик. Ак үйдүн алдында каза болгондорго милиондоп акча, квартираларды бергенге үлгүрдү. Себеби алар Атамбаевге бийликти ошолор алып беришти, Атамбаев үчүн жанын беришти. Канчалаган ата-энелер ботом деп, канчалаган балдар атам деп, канчалаган келиндер жарым деп ботодой боздошту. Ошондо канчалаган балдар жетим, канчалаган келиндер жесир калышты. Ал эми Түштүктө андан көп кан төгүлүүлөр, жоготуулар болду ошол учурда жок дегенде бир жетимдин маңдайын сылап жакшы сөзүн айтып койгонго жарабады. Муну айтканым үчүн кимдир бирөлөр түндүк-түштүкө бөлүп элди козутуп жатат деп мени күнөөлөр, бирок андай ойлошсо Кудайдын алдында чоң жаңылышат. Түндүк-Түштүк деп уруу урууга бөлгөндөр, бөлүнгөндөр булар кыргыздын душмандары. Мисалы мен энемин, мен үчүн кыргыздын баары бирлей бир тууган. Демек баарында кыргыз деген каным бар. Кытайлар бака, корейлер ит жейт, дешсе Атамбаевдин учурунда кыргыздар эшек жейт деген лакапка калдык. Атамбаевдин учурунда паспорттогу улуттубуз жоголду, эне тилибиз кыскарып баштады. Атамбаевдин учурунда биометрика деген балээ пайда болду аны көпчүлүк түшүнбөй чуркап жүрүп биометрикадан өтүштү.

Эсиңиздердеби, илгери малдардын кулагына бирка басчу, ошол бирканы ар бирибизге басты, сен да мен да Атамбаевдикибиз, компьютерге киргизип койгон, биометриканы жойуп жок кылмайынча биз Атамбаевдин ырын ырдап, музыкасына бийлей беребиз. Ошол компютердин жардамы Кудайдын буйругу менен Сооронбай Жээнбеков президент болуп келди. Өтө кызыл бат оңот демекчи Сооронбай Жээнбеков келип келе электе катуу мактап жибердиңер. Сүйлөгөн сөз менен жасаган жумуш дал келиши өтө кыйын, сүйлөп койуш баарыбыздын колубуздан келет. Жасашка келгенде өтө оор, буга көңүл бөлбөйбүз.

Айтайын дегеним Кудайдын мага берилген касиети менен эки миң сегизинчи жылдан бери Россия өлкөсүндө эмгектенип, ар кайсы мамлекеттердеги конкурстарга катышып, 2009- жылы "Целитель мира" деген дипломду алтын медалды утуп алган болсом, 2010-жылы "Все Мирный лига" деген статуска лицензияга жетиштим. Мына быйылкы жылдын 23-апрелинде Россиянын эмгек сиңирген парапсихолог дарыгери деген алтын медаль менен сыйландым.

Айтайын деген мен көбүнчө дини тили башкалар менен достошуп, иштешип жүрөм. Көп жыйналыштарда Кыргыздар тарыхы бар улуу калк. Кыргыздардын ар бир сөзүндө чоң дем күч энергия бар. Кыргыздардын ынтымагын кетирип, ыдыратып жок болуп кетүүлөрүнө кызыкандар гум жардам аркылуу кара дубаларды жөнөтүп, жерин тартып алганга кызыкандар көп.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан мамлекетти жоголуп кетүү коркунучу бар. Көрө албастык, ач көздүк, эки жүздүүлүк, өч алуулар өтө күчөп, аба ырайы да өзгөрүп турган учур. Эч нерсеге маани беришбей сен мага тийбе мен сага тийбейм деген кайдигерликте жашап калышты мындай мамиле жакшылыка алып барбайт дешет. Чын эле ойлоп көрсөм, бир эле учурда Түндүк-Түштүк уруу-урууга бөлүнгөнүбүз аз келгенсип теңирчи, баптист, исламист болуп бөлүнгөнүбүз өтө өкүнүчтүү. Бөлүнгөндү бөрү жейт, бөлүнбө кыргыз бөлүнбө, бөлүнүп кети кыргыз деп улуу журтка кеп кетет дегенди эске албай жатабыз. Ойлонуп, ойлонуп оюма жетпей кээде түн уйкум качып таң атканча кирпик какпай чыккан учурларым болот. Европаны, арабиялыктарды ээрчип эмнеге жеттик? - деген суроолор жаралат.
Ата-бабалардан калган каада-салт,  үрп-адаттарыбызды унутуп, бизден кийинки муундар кайсы кайсы салтты карманат деген суроолор жаралат.

Акырында айтайын дегеним баарыбыз эле кыйын болуп, бири бирибизге сын айтып жүрөктү оорутканды токтотуп, бири-бирибиздин жакшы жактарыбызды издеп таап, жакшы нерселерди көп-көп айтып, бири-бирибизге мээрим төгүп, жакшы нерселерди ойлоп таап жакшылыктын жарчысы болбойлубу? Жеке кызыкчылык, керт башыбызды ойлогонду, жеке бир кишини колдоп, коргоп чыкканды токтотпойлубу? Андан көрө жакшы сөздөр менен эл жерибизге келип жаткан терс энергиялар менен күрөшпөйлү? Биз канчалык жакшы тилек, бата, сөздөрүбүз менен элге чыгып түшүндүрүү иштерин жүргүзсөк жакшыга да жаманга да периште омийин дээрин, бата менен эл, жамгыр менен жер көгөрүп жашообуз оңолорун айтпайлыбы. Кыргызстан деген мамлекет жоголуп, эли тентип, көрүнгөнгө кул болот деп тамаша кылгандардын жаагын жаап, ээ кыргыздар кыйын экен дедиртип таң калтыралы. Жакшылап ойлонуп көрсөңүздөр биздин сууларыбыз, тоолорубуз, миң жылдап турган мөңгүлөрүбүз, таштарыбыз деги койчу керек болсо баскан турган таманыбыздын баары байлык экенин барктай албай жатабыз. Биздин Кыргызстанда Пайгамбар сахабалар баскан касиетүү жерлерибизди эле корумдап зиярат кылып келген туристер менен көрүнгөн жерден жумуш издеп темселебей эле бай өлкөлөрдүн катарына бат эле кошулуп кетебиз. Мага чет жактан коноктор келип калды. Апшырга алып бардым, агып жаткан сууну карап эки саат турду, жүргүлө кетели десем, токто бул суу токтогончо бир аз туралы дешет, күлкүм келип, бул суу канча кылымдардан бери токтогон эмес, мындан ары да токтобойт десем таң калды. Кудай буйруса биз биригип, ынтымакка келсек бат эле байып бутка туруп кетерибизге ишенем. Күнөөнү көрүнгөндөн издегенди токтотуп өзүбүздөн издегенге да үйрөнөлү. Кечирим суратканды билген кечирим сураганды да билели. Ошондо баары ойдогудай жакшы болот.

Сиздерди терең урматтоом менен Алмакан Бекова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости