www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президентке бир мисал

Баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы кызматтын кызматкерлеринин мыйзамсыз иштерине ким бөгөт койот? Президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшөм, кызматынан кыянаттык менен пайдалангандардын жазасын берем, мыйзамсыз иштерге бөгөт коём дегенин жакшы билебиз. Бирок, бүгүн коомго коррупция гана эмес, тыюу салынып, бирок мыйзамсыз сатылып жаткан баңгизаттар да терс таасирин тийгизип жатканы маалым боло баштады.

Өкүнүчтүүсү, сатылышына тыюу салынган баңгизаттар башка адамдар тарабынан эмес, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы кызматтын кызматкерлери тарабынан сатылып жаткан жагдайлар бар экендигинде. Сөзүбүз куру болбос үчүн фактылар менен баяндайлы.

Баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы кызматтын кызматкери өздөрү баңгизат сатуу менен алектенишет дейби?

2007-2008 жылдары КР ИИМдин баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы кызматтын ыкчам кызматкери Руслан Ушамиев ошол эле кызматтын ага ыкчам кызматкери Алмаз Джайчибеков жана ыкчам кызматкер Иванов А. болуп кылмыштуу топ түзүшкөн.

Бул кылмыштуу топту КР ИИМ баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы кызматтын начальнигинин орун басары Алиев А. калкалап, үстүнөн көзөмөлдөп турган деп айтууга болот.

Анткени, аталган кылмыштуу топ баңгизат менен соода кылгандарды кармап, подстава кылуу жолдору менен акча каражатын өндүрүп турушкан. Ал эми 2008- 2009 жылдары КР ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгында Ушамиев Р. менен Джайчибеков.А бир бөлүмдө иштеп, баңгизат менен соода кылышкан кишилерди “крышовать” этишкендиги тууралуу маалыматтар ИИМ кызматкерлеринин арасында кеӊири айтылып жүрөт.

2010-жылы мурдагы ГСКНдин бөлүм башчысы Араев Азамат мурдагы баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы кызматтын бөлүм башчысы Джайчибеков Алмазбек болуп өз ара сүйлөшүп, Тажик Республикасынын жарандары менен бирге “ Баткен областы – Бишкек шаары – Москва шаары” маршруту боюнча баңгизатты транспортировкалоону жана андан ары реализациялоону колго алышканын билгендер бар.

Мындан улам 2011 – жылдын 7-октябрында Джайчибеков А, Ушамиев Р. жана Жакшылык уулу Улан Октябрь райондук кылмыш иликтөө кызматы тарабынан 3 кг. баңги затын сатып аткан учурда кармалышкан.

Бирок, тиешелүү документтер толтурулуп, кылмыш иши козголбой, Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын төрагасынын орун басары Д. Оторбаев тарабынан коё берилген. Укук коргоо кызматында иштеп туруп, мыйзамсыз мындай иштер менен алек болуп жүргөн топтун мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин баңги затты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын ыкчам иликтөө башкармалыгынын начальниги Чүй облусунун тургуну 1981-жылы туулган Ушамиев Руслан Махмуджанович жана анын колдоочусу Бишкек шаарынын тургуну 1978-жылы туулган Араев Азамат Муратовичке ИИМ тарабынан ушул кезде чейин чара көрүлбөй келе жатканы таӊ калыштуу. Экинчиси КРнын Өкмөтүнүн аппаратында өзгөчө кырдаалдар учурунда тартипти жөнгө салуу , коргонуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген милициянын полковниги.

Бул адам ИИМ КР баңги затын жүгүртүүгө каршы кызматынын орун басары, милициянын подполковниги Олег Запольский менен бирдикте КР ИИМ системасында турукту кылмыштуу топту түзүшүп, Казак Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына чоң өлчөмдөгү героин, чаррас өңдүү баңгизаттарын транспортировкалоо, сактоо жана сатуу менен алек болушканын айланасындагылар жакшы билишет. Ошондой эле баңгизатты кол алдындагыларын саттырууга мажбурлагандардын катарын Баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы кызматтын эл аралык бөлүмүнүн начальниги Бишкектин тургуну 1985-жылы туулган Акжолтой Болотбекович Усубалиев толуктайт.

Бул адам кол алдындагы кызматкерлерди баңгизат сатууга мажбурлап турат. Булар 2018-жылдын 21-январында “Гараж 312” диско клубунда спайс баңгизатын сатуучуларды кармоону уюштурушкан. Анткени, “Гараж-312” диско клубу ал кишинин макулдугусуз ачылып иштеп жаткан эле. Араев Азамат тууралуу фактылар иликтөөгө алынабы же мунун мыйзамсыз иштерине көз жумуу адаттагыдай улана береби? Баса, дагы маани бере турган, көңүл борборуна ала турган жагдайлар бар.

Маселен, биз сөз кылып жаткан Араев Азамат кызмат абалынан пайдаланып жакын туугандары Жайчибеков Алмаз менен Жайчибеков Каныбекти бир кызматка алып, алар бир структурада жана бир башкармалыкта иштешкен.

Мунусу менен Азамат Араев КР “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат” мыйзамынын 22- беренесинин 1- пунктунун 10-подпунктун бузган. Анда “ Кызматкерге өзүнүн жакын тууганынын кол алдында иштөөгө тыюу салынат жана кызматкер кол алдындагы кызматкердин жеке кызыкчылыгындагы маселелерди чечүүгө, жана жакын тууганынын маселелерин да чечүүгө тыюу салынат” деп турат. Буга карабай, Азамат Араев 1,5 айдын ичинде Жайчибеков Алмазды кызматынан үч жолу жогорулаткан. Анын аркасы менен Жайчибеков Алмаз төмөндөгүдөй кызматтарды аркалаган: Түндүк башкармалыгын начальниги, Түштүк башкармалыгынын начальниги, ИИМ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматтын Түштүк башкармалыгынын начальнигинин орун басары. Бирок, бул кишинин ушундай чоң кызматтарды аркаласа дагы калпыстыкка жол бергенин көргөн-билгендер жомок кылып айтып жүрүшөт. Маселен, Чоң-Алайда өткөн операцияда курьер 200 кг баңгизат ташып келаткан жеринен колго түшөт. Алмаз Жайчыбеков курьерден чоң суммадагы акча алып коё берген дешет аны жакшы билгендер. Анын кылган иши (Пара алуу) КР КК 313 бернесинин 1 б. туура келет. ИИМ жетекчилиги мына ушундай кызматынан кыянаттык менен пайдалангандарды тескебей кай жакты карап жүрөт дегиң келет экен.

Кыскасы, тымызын туугандашып алып, мына ушундай нерселерди жасоого жол беришет окшойт деген ойго аргасыз ынанасың. Себеби, Жайчибеков Каныбек Араев Азаматтын өкүл баласы. Азыркы учурда Араев Азамат ИИМдин системасын тейлейт, мунун аркасы менен өкүл баласы Жайчибеков Каныбек Ленин райондук оперативдүү кызматынын начальниги болууга жетишет. Бул эми бизге белгилүү гана факт. Бирок, убакыттын өтүшү менен Араев Азаматтын зоболосу көтөрүлүп, кызматтык тепкичтерден тез көтөрүлүшүнүн себеби да ачыкка чыга баштагансыды.

Көрсө, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен анын жакындыгы бар экендигин айтып жүрүшөт аны жакшы билгендер.

Айта кетчү нерсе, Араев Азамат генерал Кутуевдин күйөө баласы дагы болот. Ошон үчүнбү анын ити чөп жеп, эмне кааласа ошол нерсе аткарылып жаткандай. Болбосо андай жооптуу кызматтарга иштей турган Кыргызстанда мындан башка таза, чынчыл, татыктуу полковниктер деле толуп жатпайбы. КР “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат” тууралуу мыйзамынын 22-беренесинин 2- пунктуна ылайык: “ Мыйзамда келтирилген чектөөлөрдү сактабаган учурда, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерге тартиптик жоопкерчиликтен баштап кызматтан кетүүгө чейинки чаралар көрүлөт” деп белгиленген.

Мына ушул жагынан алганда Араев Азамат тууралуу фактыларды иликтөөнү мамлекет колго алабы же мунун мыйзамсыз иштерине көз жумуу адаттагыдай улана береби? КР “ Мамлекеттик граждандык жана муниципалдык кызматы” тууралуу мыйзамынын 42-беренесинин 3п. 2 жана 9 п.п. кызматкер төмөнкү принциптин этикаларын сакташы керектиги так жана даана жазылып турат: Мыйзамсыз иштерди жүзөгө ашырууда, жаман иштерди максатка ашырууда кызмат абалынан пайдаланууга жол бербөө; Мыйзамсыз иштерде кызматтагы киши анын кызматтык абалына карабастан же башка кимдир бирөө болсо да жол бербөө керек. КР мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтагылардын этика Кодексинин Кесиптик милдеттенмелер жөнүндөгү 5-бөлүмүн 9-беренесини 4- пунктунда “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат өтөп жатканда кызматкер өзүнүн ыйгарым укугунун чегинен чыкпаш керектиги КР ички иштер органынын дисциплинардык уставынын 3 гл. Кызматтык дисциплинаны сактоодо начальниктин укуктары жана милдеттери 6 жана 4 п. 11 ст. Кызматтык дисциплинаны сактоо үчүн начальник ( командир) милдеттүү: -Коррупцияга каршы чара көрүү; - Өзүнүн ишинде жеке кызыкчылыкка жол бербөө тууралуу так жазылып турат. Мына ушул беренелерге каршы иш кылганы үчүн ал жазаган иштер көз жаздымда калбашы керек экенин айткыбыз келет. Руслан Ушамиевдин бир тууганы баңгизат сатуу боюнча соттолуп отурса, өзү ага каршы күрөшүү кызматында кантип иштеп жатат? Баса, дагы бир көз жаздымда калтырбоочу жагдай бар. Ушамиев Русланга КР Кылмыш Кодексинин 304- статьясы менен кылмыш иши козголуп, кайра түшүнүксүз себептер менен акталып кеткен. А түгүл, анын бир тууган агасы Ушамиев Камиль Махмуджанович Руслан Ушамиевдин бир тууганы КР КК 246-беренеси менен соттолгон. Ушул нерселерден улам Ушамиев Руслан эмнеге ИИМ баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы кызматта ишин улантып жатат деген суроо жаралат. Тактап айтканда, бир туугандардын бирөө баңгизатын сатуучу, ал эми экинчиси ага каршы күрөшүүчү болуп жатпайбы?

“Кыргыз Республикасынын ички иштер органынын катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндөгү абалдын,” 106-беренесинин 23-пунктунда “ Кызматкер жакын тууганы оор кылмыш кылган учурда же аны мойнуна алган учурда кызматтан бошотулат” деп жазылып турат. Бирок, бул ушул күнү да аталган кызматты аркалап жүрөт.

Баса, анын ишинде эске алуучу көп жагдайлар бар. Маселен, ал чет мамлекетке тез-тез чыгып турат, бирок КР “Тышкы миграциясы боюнча” мыйзамда 46-берененин 1- жана 7- пункттарында көрсөтүлгөндөй Кыргыз Республикасынын жарандарынын өлкөдөн сыртка чыгуу укугу чектелген. Сөзүбүз куру болбош үчүн мыйзамды тыюу салган жагдайларга токтололу. “Кыргыз Республикасынын жаранына төмөнкү учурларда кыргыз Республикасынын чегинен сыртка чыгууга таюу салынат:

1) Эгерде адам мамлекеттик сырды билсе;

2) Эгерде адам аскердик кызматка чакырыла турган болсо; Мына ушул нерселер эмнегедир Ушамиев тарабынан эске алынган эмес. Баарынан кызыгы, кайра-кайра чет мамлекетке чыгууда Ушамиев Русланда кайдан чоң суммадагы акчалар пайда болот деген суроо жаралат. Анткени, мамлекеттик кызматкердин айлыгы өтө чоң эмес. Бирок, ал аз айлык менен эле кантип чардап жүрөт деген да суроо жаралат. Өзүнүн түгүл аялынын да минген машинасы өтө кымбат дешет аны жакшы билгендер. Аялы көп киреше алып келе тургандай анын аялы Зарина Сафарова салык төлөөчү да эмес, эч кандай ишкердик менен да алектенбейт. Чоң киреше таппайт. Ошондой болсо да Ушамиев аялы экөө Анталиядагы Богазак районундагы «Crystal Hotels Paraiso Verde Resort & SPA» отелинде эс алышкан. Бул отелдин бир түндүк баасы 444 $ . Анталияга бир эмес, эки жолу барышкан. Экинчи жолу алар «Alp Pasa Hotel Old Town» отелинде болушкан. Баасы 186 доллар болгон. Бул бир гана чети. Ал мындай мамлекеттердин бир канчасына барган. ИИМдин коопсуздук мына ушундай кызматукерлердин ишин иликтебей кай жакты карап жүрөт? Же Ушамиев Русландын крышасы чоңбу? Эмне үчүн анын туура эмес, мыйзамсыз иштерине көз жумушат? Же анын минтип тайраңдашына ИИМдеги мурдагы министрдин орун басары Данияр Абдыкаров шарт түзгөнбү? Чынында Руслан Ушамиевдин иш аракеттерин “Мыйзамсыз баюу” катары сыпаттаса болот ( КР КК 308- беренесинин 1б.).

Буга ким кызыкдар ? Анын мындай одоно мыйзам бузууларды көрмөксөн болуш өзүнүн кызматтык милдетин так аткарбай жатат дегендикти билдирет го. Бир тууганы кудум ушул баңгизаты боюнча соттолуп отурса Ушамиев мындан ары эми кантип баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматында иштейт. ИИМ башчысы бул нерсеге чара көрүп , мыйзамдуулук өкүм сүрөт деп үмүт кылабыз.

Маалымат Айзада Имашованын Фейсбук баракчасынан алынды.https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=262432557835797&id=100022071652575

Булак: NazarNews.kg

Последние новости