www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Советтер союзунун тыңчысы Георгий Бехтер 99 жашында көз жумду. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы чалгын кызматынын пресс-бюросунун төрагасы Сергей Иванов бүгүн, 26-декабрда билдирди.

Белгилей кетсек, Георгий Бехтер 11-ноябрда туулган күнүн белгилеген.

Ал 1922-жылы 11-ноябрда Роттердамда туулган. Британиянын Mи-6 чалгын кызматында Жорж Блейк деген ысым менен иштеген. Түндүк Кореяда туткунга түшкөндөн кийин, Советтер союзу тарапка өткөн.

Ошондой эле Георгий Бехтер 20 жылдан ашуун убакта эки тарапка тең тыңчы болуп иштеп, Москвага Британия тууралуу маалыматтарды берип турган.

Буга байланышткк ага тышкы чалгын кызматынын полковниги деген наам берилген. Ал «Тунук дубалдар» жана «Башка тандоо жок» деген аталыштагы эки китептин автору. 2011-жылы «Агент Блейктин тандоосу» деп аталган даректүү тасмада башкы ролду өзү ойногон.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости