www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Япония өлкөдө туруктуу жашаган узак мөөнөттүү визасы бар жапондордон жана чет өлкөлүктөрдөн башка дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн жарандары үчүн өлкөгө кирүүгө убактылуу тыюу салууну чечти. Бул тууралуу Жапон өкмөтү бүгүн, 26-декабрда тараткан билдирүүдө айтылат.
«Коронавирустун жаңы түрү чыкканына байланыштуу алдын алуу чарасы катары бир катар өлкөлөрдө чектөөлөр киргизилип жатат. Чаралар 28-декабрдан баштап, кийинки жылдын январь айынын аягына чейин күчүнө кирет. Ошондой эле, Япониянын жашоочулары үчүн кыска мөөнөттүү иш сапарларда жеңилдиктер алынып салынды. Ушул кезге чейин алар чет өлкөдөн кайтып келгенден кийин эки жума карантинде калууга милдеттүү эмес болсо, кайрадан 28-декабрдан тарта бул эреже кайрадан күчүнө кирет", деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, жаңы штамм аныкталган өлкөлөрдөн кайтып келе жаткан жапон резиденттеринин киргенде коронавирустук анализдин терс натыйжасы болгонун тастыктаган документ болушу керек, ал келгенге чейин үч күндөн кечиктирбестен тапшырылышы керек.
Ушул жылдын 1-октябрынан тартып башка өлкөлөрдүн жарандары үчүн Японияга кирүү чектөөлөрү жеңилдетилди. Биринчи этапта, ал өлкөдө узак мөөнөткө жашоо укугуна ээ адамдарга, ошондой эле медициналык, билим берүү, маданий жана ишкердик максаттарга командировкага кеткендер үчүн. Айрым чектөөлөр Жапонияда окуп жаткан чет элдик студенттерге дагы таасирин тийгизди.
Умиджон Нозимжонов, Ташкент
Булак: NazarNews.kg