www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түштүк Кореянын окумуштуулары коронавирус көп кабаттуу үйлөрдүн желдетүү тутуму аркылуу да тараларын аныкташты. Бул тууралуу Science Direct порталында жарыяланган отчетто айтылат.
Түштүк Кореянын борбору Сеулдагы турак жай комплексинин ар кайсы кабаттарында жашаган бир нече үй-бүлө бир эле мезгилде COVID-19 оорусун жуктуруп алганы кореялык илимпоздорду изилдөө жүргүзүүгө түрткү болгону аныкталды.
Билдирүүгө ылайык, алгач көп кабаттуу үйдүн алтынчы кабатында жашаган үй-бүлөдөн коронавирус табылган. Андан кийин төртүнчү жана бешинчи кабаттарда да оору аныкталды. Кийинчерээк, оору ошол эле үйдүн он жана он биринчи кабаттарында катталган.
Изилдөө учурунда, илдетке чалдыккан адамдар бири-бири менен байланышпагандыгы жана алардын экөө лифтти колдонбогону аныкталды.
Изилдөөнүн натыйжасында, бардык батирлер жалпы желдетүү тутумуна туташтырылган. Окумуштуулардын айтымында, вирус ваннадагы тешиктер аркылуу жайылган.
Булак: NazarNews.kg