www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматыда кесиптеши менен жаңжалдашып, атылган октон жаракат алган полиция кызматкери ооруканада каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер департаментинен билдиришти.

Бүгүн өлкөнүн ички иштер министри Калмуханбет Касымов эки полиция кызматкеринин ортосундагы жаңжал бирөөсү түңкү нөөмөткө келген маалда болгонун айтты.

«Аны менен нөөмөтүн тапшырганы келген кызматкердин ортосунда жаңжал чыгып, ок атылган. Жабырлануучу саат 21:00дө каза болду», — деди министр.

Тергөө иши «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча башталды. Мындан тышкары бул факты боюнча жеке коопсуздук департаменти дагы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Булак: "centralasian"

Последние новости