www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокуратура Балыкчы-Корумду жолунун курулушу боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматы маалымат таратты. Атайын кызмат менен башкы прокуратуранын бирге жүргүзүлгөн териштирүүсүнүн натыйжасында Жол чарба департаментинде Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду унаа жолун реконструкциялоо үчүн консультанттарды тартууда бюджеттик каражатты мыйзамсыз пайдалануу схемасы аныкталганы айтылат.
2015-жылдын 17-декабрында аталган департамент консалтинг кызматын көрсөтүүчү компаниялардын бири менен түзгөн келишим “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамды бузуу жана баасын 16 миллион сомго ашыкча көрсөтүү менен кабыл алынган экен.
Башкы прокуратура мамлекетке ири суммада зыян келтирилгенин айтып, Кылмыш-жаза кодексинин 166, 304 жана 306-беренелеринин негизинде иш козгоду.
Бул иштин чыры менен мурунку өкмөт башчы Темир Сариев жана Транспорт министри Аргынбек Малабаев “мен акмын, сен аралашкансың” деп кайым айтышып, экөөсү тең кызматтан кол жууган.
Эми бул иш боюнча эки лөк да кайрадан суракка чакырылып, бирөөсүнүн аралашканы аныкталат болду бекен?
Булак: "Жаңы Ордо"