www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Советтик 70-жылдары дүйнөлүк муза дүйнөсүн таң калтырып, Корифейи Шербет баш болгон кыздар поэзиясынын плеяадасы түзүлгөн. Кыздар поэзиясынын чыгарган алманахтары, антологиясы орус, украин, казак, белорус, өзбек, тажик, эстон, латыш, молдован, грузин, армян, азербайжан жана башка көптөгөн чет тилдерге которулуп, бир замандын жылдызы катары атактуу сынчылардын жогорку баасын алып турган.
Шербет Келдибекованын «Чырагдан», «Ата - Конуш сыймыгым», «Терезелер», «Сен, жарыгым», «Кербен» сыяктуу ыр жыйнактары ыр ышкыбооздоруна жакшы ой калтырган. Ал ар бир сөздү этиаттап, узакка ойлонуп, кирпичтей кылдаттык менен койо турган. Өзүнүн замандаштары, алардын ичинде «Кыргыз эл Баатырлары» Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Бексултан Жакиев сыяктуу патриарх калемгерлер Шербеттин ырларына сыймыктануу менен жогорку баа берип турган.
Эл акыны, тирүүлөрдүн жолборсу, кайдыгер кыргыздарды безге сайгандай чоочутуп ойготуп турган Шайлообек Дүйшеевдин сыпаатында: «Бул жалган дүйнөдө чөптөй, суудай, оттой, таштай болуп, азайбаган, пасайбаган, түбөлүккө өзүнүн ырына окшоп жашап кала турган - Шербет Келдибекова. Ал дал ушундай түбөлүктүүлөрдүн, классиктердин бири!» - деп жазган.
Шербеттин өмүрлүк жолдошу журналисттердин төрөсү Алым Токтомушев. Шербет 1949 - жылы төрөлүп, 2013-жылы ноябрдын аягында жарык дүйнө менен кош айтышса, алты ай өтпөй кыргыздын дагы бир таланты Алым Токтомушев көз жумган. Эки талант, эки түгөй жетелешип алып кете беришкен.
Шербет КЕЛДИБЕКОВАга
"Атаң өлсө өлсүн, атаңды көргөн өлбөсүн", - дегендей Шербет Келдибекова менен поэзия деңизин бирге сүзүшкөн Калбүбү САРИЕВА курбусун эскерип жазган ыры:
Сени арадан сууруп кеткен кабардын,
Сууктугун туюнтууга чабалмын.
Угар менен учуп жеткен менен да,
Өксүп, көздөн жашты төккөн менен да,
Кымбат курбум, кайдан сени таба алдык?
Күңгүрөнгөн күүгүм болуп, таң болуп.
Күтүүсүз күү таштап өткөн шаң болуп.
Сырдуу, ырдуу кете бердиң дүйнөдөн
Түшүнгөнгө чечиле элек чексиздик,
Түшүнбөскө түшүнүксүз жан болуп.
Күндөй жылуу, суудай тунук туйлаган.
Ойлору оргуп, Жерге көккө сыйбаган,
Жашоодо элден башка ыргакты туюнуп,
Жашоону өзгө добуш менен ырдаган
Жаркын элең, жанга зыян кылбаган.
Келген дартты канча жылдар тор жайып,
Жеңген, эрктүү, алдырбаган кол жайып.
Кете бердиң, толгонушаар топ биргем
Кайра арага кайрылбаган жол салып,
Тобубузга тополоңдуу ой салып...
Кош бол, курбум, ырларыңда туу тутуп,
Туулган жердин кышын, күзүн, жаз, жайын.
Таштап кеттиң. Жаткан жериң жай болсун,
Тирүүлөргө, түгөнбөс мүлк жазганың,
Түнөрбөгөн ырларыңдын асманын. ***
Жоголгондор, жоголгон доор... жоголгон
Жанып өтүп, менин жашоо жолумду-
Мен жок кезге, башталышка, бараткан
Мен аралап өткөн бардык тараптан.
Доорум менен кошо өтүшкөн досторум -
Жоголгондор... Жоголгон доор, жоголгон.
Жолугууга жаштыгымда шашкамын
Көңүлдөгү көп каалоолону аткарып.
Бар дечүүбүз, укмуш сонун келечек
Бүт адамзат эңсеп, бирок көрө элек.
Жашоо өзү чексиздиктен, жашоодо
Сезбептирбиз эңсөө чексиз ошончо.
Жоголгондор, жоголгон доор жоголуп,
Калды өзөрбөй, бир бүтүнгө айланып.
Бүтпөй менин канча сезим-туюмум
Болуп турам түркүн ойдун уюлу.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg