www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттик так кайдагы бир колу, канаты кыркылган, мурдагыдай юридикалык күчү да жок, саясий жана экономикалык процесстерге кенедей таасирин тийгизе албаган депутаттык мандаттан жогору. Мындай пикирин журналист Семетей Талас уулу өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
"Абсолюттук бийликтен абсолюттук ачкөздүк жаман Садыкем.
Бир эсе талапкерлердин өзүндө дагы шайлоо боюнча сабаттуулук аз экен. Күн мурундатан шайлоо комиссиясына жана шайлоо боюнча байкоочуларга өз адамдарын коюп, аларга добуш жыйынтыктары протоколу кандай жазылат дегенден баштап, жалпы ликбез, инструктаж өтүшү керек эле. Юрист аттуу иттин кара капталынан.
Бирок, арасынан ишин билген профессионалы 30-40%ы, алардын ичинен шайлоо боюнча адистешкен юристтер 5-10%. Аймактык шайлоо комиссиялары дагы өз ишин жакшы билишпейт экен. Өз компетенциясындагы маселелерди дагы БШКга тээп коюп отурушту. БШКнын ичинде дагы шайлоо боюнча мыйзамдарды чакканы иштегендин жарымы.
Негизинен добуш берүү бүтөрү менен кол менен саноо кошо башталат. Жыйынтыгы боюнча протокол толтурулуп, копиясы ар бир партия же талапкердин комиссиядагы өкүлүнө берилет. Чоң шаарларларды билбейм, бирок айылдарда бул иштер оперативдүү эле бүтөт.
Айтор, бир четинен Садыр Жапаровдун шайлоону таза өткөрөйүн деген аракетине БШК чычып салгандай болуп жатат. Эгерде экөө биригип алып чычышса, анда ал жакшылыкка алып барбайт. Шымына чычкан колун аябайт болуп, айлана ароматка толуп, андан элдин көөнү айланып, сасыган немелерди, "тур, жуунуп келчи!" деп кубалап ийишет.
Же ошондой кубалай тургандай прецедент жаралат. Анан дагы былтыркыдай баналдуу ачкөздүк жакшылыкка алып барган эмес. Эгер чырылдап жаткан партиялар добуш алган болсо, анда бериш керек.
Президенттик так кайдагы бир колу, канаты кыркылган, мурдагыдай юридикалык күчү да жок, саясий жана экономикалык процесстерге кенедей таасирин тийгизе албаган депутаттык мандаттан жогору.
Андыктан абсолюттук бийликтен абсолюттук ачкөздүк өтө опасно.
Ал эми чындап элдин добушун алалбай калган партиялар, "эл дүрбөсө кошо дүрбөбөй" отурсаңар. Ыйманыңарга камчы чаппай",- деп белгилеген ал.
Булак: NazarNews.kg