www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

4-декабрда Экибастуз шаарынын жылуулук электр борборунун тилке башчысы Сергей Видлогдун сөөгү “ВАЗ-21099” автоунаасынын салонунда табылганы белгилүү болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Маалыматка караганда, маркумдун денесинде кыйноонун белгилери болгон эмес. “Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тешкерүү иштери жүрүп жатат.

Шаардын полиция башкармалыгы ЖЭБдин тилке башчысы, 33 жаштагы Сергей Видлог жубайы менен урушуп кеткенден кийин өлгөнүн кабарлады.

5-декабрда Экибастузда дагы бир кишинин өлүмү катталган. Сөөгү өз батиринде табылган пенсионер кан басымынын жогорулугунан жабыркап келгени белгилүү болгон.

27-ноябрда ЖЭБдеги авариянын айынан 30 градус суукта жылуулуксуз калган шаарда жылуулук системасын калыбына келтирүү иштери аяктай элек. 150 миң калкы бар шаарда өзгөчө кырдаал жарыяланган. Шаар жайгашкан Павлодар облусунун акими Абылкаир Скаков иштен алынган.

Бийлик аварияга ЖЭБдин жумушчулары кетирген ката себеп болгонун айтып жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости