www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия нефтисинин баасын чектөө күчүнө киргенден баштап Түркиянын жээгинде мунай ташыган танкерлердин тыгыны жаралганын РИА Новости Financial Times гезитине таянуу менен жазды.

Суудан өтүү кезегин жок эле дегенде 19 кеме күтүп турганы айтылууда. Басылма Россияда казылган нефтинин баасын чектөө ташуунун дүйнө боюнча үзгүлтүккө учурай турганын далилдөөчү алгачкы көрсөткүч экенин белгилеген.

Түркия 1-декабрдан тарта кемелердин P&I камсыздандыруусун тастыктаган кат талап кылып келет.

Гезит мунай жаатындагы өз булагына таянып россиялык компаниялар Анкарага суудан коопсуз өтүүнү камсыздоочу каттарды көрсөткөнүн жазды. Тыгында калган кемелер батыш компанияларына таандык экени болжолдонууда.

Эскерте кетсек, алгач Евробиримдик өлкөлөрү, анын артынан G7 мамлекеттери менен Австралия Россиядан өндүрүлгөн нефтинин бир баррелинин баасын 60 доллардын чегинде бекиткен. Жайында кабыл алынган чечим кечээтен тарта нефть эмбаргосу менен кошо күчүнө кирди. Бул санкциялар деңиз менен ташылган мунайга колдонулат, түтүк менен кеткенине тиешеси жок. Ал эми нефть продуктуларына мындай чектөө 5-февралдан тарта күчүнө кирет.

Россиянын вице-премьери Александр Новак нефтиге бааны чектөөгө тыюу механизмдери иштелип чыгып жатканын кабарлаган. Ал муктаждык жаралса Москва нефть казуунун көлөмүн кыскарта аларын белгиледи. Министр Батыш мындай чектөөлөрү менен рынокко кийлигишип жатканына токтолуп, Москва рынок шартынан оолактабай иштеше турган керектөөчүлөр менен гана кызматташарын айткан.

Ал эми РФ президенти Владимир Путин Батыштын аракетине комментарий берип жатып, Россия өз кызыкчылыгына каршы келе турган болсо чет жакка эч нерсе жөнөтпөй турганын эскерткен.

Последние новости