www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экинчи Элдик курултай башталды

15-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында экинчи Элдик курултай башталды. Бул жолу курултайга 700 делегат келди. Анын ичинен 640 киши Кыргызстандын аймактарынан, 30 адам этностук өкүлчүлүктөрдөн, 30 делегат чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан шайланышты.

Элдик курултайга президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышууда. Курултай 15-16-декабрь күндөрү өтөт.

“Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам быйыл 24-июлда кабыл алынган. Алгач президент Садыр Жапаров сунуштаган мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн кийин депутаттардын жумушчу тобу түзүлгөн.

Ага ылайык, делегаттардын саны 1070тен 700гө чейин азайтылган. Элдик курултай демилгеси Кыргызстанда көп жылдардан бери айтылып, бирок аны мамлекеттик деңгээлде уюштурууга негиз болуучу жаңы мыйзам кабыл алына элек болчу. Биринчи элдик курултай былтыр ноябрда өткөн. 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости