www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазаларды аткаруу кызматынын Ош шаарындагы №25 мекемесинин жетекчиси Жаныбек Ураимов атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди. Ал “өзү башкарган жабык жайга маңзат ташууну калкалаган” деп шек саналууда. Маалыматка ылайык, атайын кызмат №25 мекемесине маңзаттарды ташып саткан каналды аныктап, ишине бөгөт койду.

Тергөөдө кылмыштуу схеманы №25 тергөө абагында жаткан Кыргызстандын жана Татарстандын жарандары уюштурганы, алар “Женго” каймана аты менен белгилүү Кадырбек Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү экени аныкталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында кылмышка шектүү катары Ош шаардык жаза аткаруу кызматынын №25 мекемесинин башчысы Ж.У., мекеменин башка жооптуу кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, атайын мекеменин аймагына баңгизаттарды тоскоолдуксуз өткөргөндүгү үчүн системалуу түрдө акча алып турган.

Ал схема боюнча, Тажикстандын жараны Согд облусундагы каналдары аркылуу, Оштогу №25 тергөө абагында жаткан адамдарга маңзатты ай сайын жеткирүү каналдарын уюштурган. Ал каражатты Жаныбек Ураимов, абактагы “положенец” деп аталган А.Т жана башка адамдар бөлүшүп турганы такталган. Тинтүү иштеринде №25 мекемесине баңгизатты өткөрүү аракети учурунда, тамак-аш азыктарынын арасына катылган 1 килограмм ооган гашиши алынган. Андан тышкары тергөө жайына маңзат алып кирүүгө аракет кылган дагы төрт киши кармалган. Алардын ичинен эки адамдан №25 абакка киргизүүгө багытталган 1,3 килограмм ооган гашиши табылган.

Жаныбек Ураимов атайын кызматтын, дагы төрт адам Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости