www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан иштер

Мамлекет башчысы экинчи Элдик курултайда чогулган делегаттардын астында сүйлөп жатып, коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолд:.

«Коррупция – бул биздин элдин гана эмес, бардык мамлекеттердин балээси. Коррупциянын айынан мамлекетибиз дээрлик 30 жылдан бери өнүкпөй, белгилүү бир адамдар гана байып, карапайым эл көр тирлиги менен эле күн өткөрүп калган», — деди президент.Ал узыркы учурда коррупцияга каршы иш-чаралар катуу жүрүп жаткандыгын белгиледи.

«Миллиарддаган акчалар мамлекеттик казынага кайтарылып жатат. Бул жаатта күч органдары, анын ичинде Улуттук коопсуздук комитети өзүнүн жумушун жогорку деңгээлде аткарып жатканын баса белгилейм. Атайын кызматтын иштерин жамы журтубуз да колдоп-коштоп жатышат. Жерибиздин тынчтыгын, элибиздин бейпил жашоосун камсыздап, коркунуч туудурган ар бир көрүнүш менен олуттуу күрөшүүдө. Анын ичинде уюшкан кылмыштуу топторго каршы элдешкис күрөш жүргүзүлүүдө. Коррупция менен күрөшүү – бул бир жолку аракет эмес, бул туруктуу аракет болушу керек! Коомдун бардык деңгээлдеринде коррупцияны алдын алуу үчүн биз дайыма сак болушубуз керек. Цивилизациялуу мамлекеттин дагы бир маанилүү көрсөткүчү – уюшкан кылмыштуулуктун жоктугу», — деди ал.

Президент өз сөзүндө кылмыш элементтери бар өлкөгө бир дагы инвестор инвестиция салбай тургандыгын билдирди.

Жумушчу топтун курамына мамлекеттик органдардын, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер киргизилип, жумушчу топко коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча натыйжалуу иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча план иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости