www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономика министринин эки орун басары алмашты

Экономика жана коммерция министринин эки орун басары алмашты. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Министрдин биринчи орун басары Сейилбек Урустемов кызматтан алынып, анын ордуна Чоро Сейитов дайындалды. Дагы бир орун басары Элдар Алишеров жумуштан бошотулуп, анын ордуна Вероника Исаева келген.

Тийиштүү буйруктарга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Аларды эмгек жамаатка өкмөт башчынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев алып келип тааныштырган.

Урустемов бул кызыматты 2021-жылдын октябрь айынан бери аркалап келген, ал эми Алишеров төрт жылдан бери иштеп жаткан. Чоро Сейитов буга чейин Улуттук банкта "Экономикалык изилдөөлөр борбору" тобунда эксперт болуп иштеген.

Вероника Исаева өнөр жай тармагында жеке ишкерлик менен алектенген. 24-январга чейин Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин өнөр жай коопсуздугу башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген. Ага чейин Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп бир жыл иштеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости