www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Песков: Путин Владимир Жириновский менен коштошот

Орусия президенти Владимир Путин ЛДПР лидери Владимир Жириновский менен коштошот. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. «Президент Жириновский менен сөзсүз коштошот», - деди Песков журналисттердин Путин саясатчы менен коштошууга келеби деген суроосуна жооп берип жатып. Ошол эле учурда Песков коштошуу аземине Путин катышаар-катышпасын тактаган жок.

Белгилей кетсек, буга чейин орус президенти көңүл айткан. Ал Жириновскийди тажрыйбалуу саясатчы, жаркын оратор жана талаш-тартышчыл деп атады. Путин ЛДПР лидеринин парламентаризмди жана ички мыйзамдарды өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгиледи.

Эске салсак, Владимир Жириновский 6-апрелде 75 жашында каза болгон. ЛДПР лидери коронавирус илдетине кабылып, февраль айынын башында оор абалда ооруканага түшкөн. Ошондон бери жакшы боло албай жаткан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости