www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Динара Кулибаева менен анын жолдошу Тимур Кулибаевдин байлыгы бир жылда эки миллиард долларга көбөйдү. Forbes журналынын версиясы боюнча 2022-жылы түгөйлөрдүн дөөлөтү 7,6 миллиард долларга жетип, дйн байларынын тизмесинде 778 орунга чыкты.

“Азаттыктын” казак кызматынын билдиришинче, 54 жаштагы Динара менен 55 жаштагы Тимур Кулибаевдер өлкөдөгү эң ири каржы уюму – Элдик банк көзөмөлдөгөн "Алмэкс" компаниясынын түпкү пайда көрүүчүлөрү. Алар, мындан тышкары, Казакстандын бир нече шаарында соода жана оюн-зоок борборлоруна ээлик кылган компанияларды башкарышат.

2021-жылы Кулибаев Алматы аэропортун түрк холдингине сатуу боюнча келишимге кол койгон. Жалпыга маалымдоо каражаттары билдиргендей, келишимдин наркы 365 миллион долларды түзгөн.

Январь окуяларынан кийин Назарбаевдин үй-бүлө мүчөлөрү жана ага жакын кишилер жогорку кызматтардан ажыратылган. Тимур Кулибаев "Атамекен" ишкерлер палатасынын президиумунун төрагалыгынан кеткен. Динара Кулибаева көп көрүнбөй калды. ЖМКлар ал убактысынын көбүн чет өлкөдө өткөрүп жатканын жазышууда.

Динара Кулибаева – Женева көлүнүн жээгиндеги эки кымбат баалуу үйдүн жана Бельрив сарайынын ээси. Швейцариялык басылмалар былтыр Женева кантонунун бийлиги Кулибаеванын тарыхый мааниси бар имаратты ондоп-түзөөдөн өткөрүү тууралуу планына тынчсызданып жатканын жазышкан.

Быйыл Deutsche Welle радиосунун журналисттери Германиядан Тимур Кулибаевге тиешелүү бир нече кыймылсыз мүлк тапкан. Анын арасында вилла жана эки конок үй да бар. Кулибаевдердин Европа өлкөлөрүндө башка да кыймылсыз мүлктөрү бар экенин айтылып келет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости