www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарандар жүктү Кыргызстандан Тажикстанга мыйзамсыз түрдө алып өтүп, андан ары сатууну көздөшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган жүктүн баасы 1 миллион сомго жакын деп бааланууда. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жарандар жана жүктөр андан ары иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

2022-жылдын 7-апрелинде Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары чек арадан мыйзамсыз товарларды алып өтүүнү токтотушкан. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгынан билдиришти.

Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат—Жаштык унаа жолунун Достук каналынын жээгинен УКМКнын чек ара тозотунун кызматкерлери тарабынан.

Кыргыз Республикасынын жараны1971-жылы туулган Н.П. айдап бара жаткан «МерседесБенц» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалды. Анын жанында 1983-жылы туулган И.М аттуу жаран болгон. Унааны текшерүү учурунда контрабандалык жүк — 1500дөн ашык беш литрлик бөтөлкө өсүмдүк майы табылган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости