www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тиешелүү тараптар Украинанын Буча шаарында эмне болгонун иликтеп, ар кандай дооматтар фактыларга негизделиши керек, деп билдирди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лицзянь. Бул тууралуу «NazarNews» маалымат агенттигине «CCTV plus» кабарлады. 

Киевден 28 чакырымдай түндүк-батышта жайгашкан Бучаны украин армиясы  кайтарып алгандан кийин кеминде 280 кишинин, анын ичинде балдардын денелери табылганы кабарланууда.

Буга байланыштуу Украина президенти Владимир Зеленский Бучадагы жайкын тургундардын өлтүрүлүшүн Орусиянын аскердик кылмышы деп атады, бирок Орусия бардык айыптоолорду четке кагып, шаар орус аскерлеринин көзөмөлүндө болгон мезгилде бир дагы карапайым жергиликтүү тургун жабыркабаганын айтты. Орусиянын Куралдуу Күчтөрүнүн бардык бөлүктөрү 30-мартта Бучадан толугу менен чыгып кетишкен.

«Кытай Украинадагы гуманитардык кырдаалга чоң маани берет жана карапайым калкка зыян келтирип жатканына абдан тынчсызданат. Кытай буга чейин Украинадагы гуманитардык абалды жеңилдетүү боюнча алты пункттан турган демилгени көтөрүп, чукул гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча конкреттүү иш-аракеттерди жасаган.

Буча шаарындагы окуянын чындыгы, жагдайы аныкталып, гуманитардык маселелерди саясатташтырбаш керек. Ар кандай дооматтар фактыларга негизделиши керек жана бардык тараптар сабырдуу болуп, тергөө аяктаганга чейин негизсиз айыптоодон алыс болушу керек», - деди Чжао Лицзянь маалымат жыйынында.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости