www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин 1-июлдан тарта Кыргызстанда лицензияланган өндүрүмдөрдү өлкө аймагына киргизүүгө тыюу салган токтом долбоору сунушталып жатканына тынчсыздануусун билдирди.

“Бул токтомдун Казакстанда кабыл алынышы Евразия экономикалык биримдигинин ички рыногунун (ЕАЭБ) иштешинде тоскоолдуктун белгилери. ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин ишкерлеринин Евразиянын ички рыногуна кирүү мүмкүнчүлүгүн чектеген тоскоолдук катары каралат. Экономикалык биримдик жана анын алкагында шайкештикти баалоо боюнча документтерди тааныбоо үчүн прецедент түзүшү мүмкүн”, - деп айтылат билдирүүдө.

Экономика министрлиги Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин өндүрүмдөргө жасалма документтер жөнүндө дооматына жооп берип, Кыргызстан бул жаатта тийиштүү органдардын атайын иш-чаралар планы иштелип чыканын белгилеген.

Анын жыйынтыгында мамлекеттик көзөмөл жүргүзүлүп, сертификат боюнча 6 органга 1 млн 560 миң сом айып салынып, 8 органдын аккредитациясы токтотулуп, мыйзам бузуулар менен берилген документтердин жарактуулугу жокко чыгарылган.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги бул боюнча ЕАЭБдин тийиштүү органдары менен кеңешме өткөрөрүн билдирди.

Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча комитети 2024-жылдын 1-июлунан тарта ЕАЭБ KG (Кыргызстан) номурлары бар шайкештикти баалоо документтери менен коштолгон өндүрүмдөрдү Казакстанга киргизүүгө тыюу салууну сунуштоодо.

Мекеме Кыргызстандын сапатты камсыздоо органдары шайкештикти баалоо боюнча документтерди текшерүүсүз жана мыйзам бузуулар менен беришет деп эсептейт. Комитет 2023-жылдын аягына карата Казакстанда 413, Кыргызстанда 43 сыноо лабораториясы болгонун, бирок 2022-2023-жылдары кыргыздар казактарга караганда көбүрөөк лицензия бергенин баса белгилейт.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) алгач 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган.

Кыргызстандан сыртка жүк негизинен Казакстан аркылуу ташылат. Казак тараптагы ар кандай чектөөлөрдөн улам жүк ташууда байма-бай түйшүк жаралып келет. 

Последние новости