www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина Россиянын аймактарына шайлоону үзгүлтүккө учуратып, жок эле дегенде жарандардын эркин билдирүү процессине кийлигишүү максатында чабуул жасоого аракет кылып жатат. Бул тууралуу Владимир Путин Дмитрий Киселевго берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, Украина согуш талаасында ийгиликке жетпеген ызасынан улам өзүн бир жерден көрсөтүш үчүн да кол салууда.

"Ошентсе дагы алардын чабуул жасоо аракетинин башкы максаты — Россиядагы президенттик шайлоону үзгүлтүккө учурата албаса дагы элдин добуш берүү процессине жолтоо болуу. Бул бир. Экинчиси — маалыматтык эффект", — деген ал.

Россия лидери алдыда болуп калчу сүйлөшүү процессинде Украина бийлиги кандайдыр бир артыкчылык берген илинчекке ээ болуу үчүн чабуул жасоого аракет кылып жатканын кошумчалаган.

Өткөн түнү украин аскерлери Россиянын объектилерине массалык чабуул жасоого аракеттенген. Бирок Коргоо министрлиги абадан коргонуу системалары Украинанын учак түрүндөгү 25 дронун жок кылганын билдирди. Белгород облусунун үстүнөн RM-70 Vampire MLRS үлгүсүндөгү сегиз ракета жана "Точка-У" үлгүсүндөгү бир тактикалык ракета атып түшүрүлгөн.

Последние новости