www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаковдун өмүр баяны

Экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаковдун өмүр таржымалы. Ал 1963-жылдын 22-январь айында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда төрөлгөн. 1981-жылы Фрунзе финансы-экономикалык техникумун, 1989-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин артыкчылык дипломдору менен аяктаган.

1981-1982-жылдары Ош облусунун Совет райондук статистика бөлүмүнүн улук экономисти;

1983-1985-жылдары Латвия ССРинде Советтик армиянын катарындагы кызматында взводдун командиринин орун басары;

1982-1989-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин студенти;

1989-1993-жылдары Ош облустук финансы башкармалыгынын улук экономист, бөлүм башчысынын орун басары, бөлүм башчысы;

1993-1994-жылдары Ош шаардык финансы башкармалыгынын бөлүм башчысынын орун басары;

1994-1995-жылдары Ош облусу боюнча Салык полициясы башкармалыгынын уюштуруу-аналитика бөлүмүнүн башчысы;

1995-1996-жылдары Ош облустук финансы башкармалыгынын башкы контролер-ревизору;

1996-2000-жылдары Финансы министрлигинин Коргонуунун жана мамлекеттик аппараттын чыгашаларын пландоо башкармалыгынын мамлекеттик аппараттын чыгашаларын пландоо бөлүмүнүн башчысы;

2000-2001-жылдары Финансы министрлигинин Чыгашалар департаментинин бюджет башкармалыгынын Бюджеттик саясатты жана чыгашаларды анализдөө бөлүмүнүн башчысы;

2001-жылы Финансы министрлигинин башкы бюджет башкармалыгынын бюджетти анализдөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары, башчысы;

2001-2002-жылдары Финансы министрлигинин Бюджеттик саясат башкармалыгынын мамлекеттик бюджет бөлүмүнүн башчысынын орун басары, бөлүм башчысы;

2002-2004-жылдары Финансы министрлигинин Аудит жана бухгалтердик эсептин методологиясы кызматынын башчысы;
2004-2006-жылдары Экономика жана финансы министрлигинин ички аудит бөлүмүнүн башчысы;

2006-2008-жылдары Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттигинин Коррупциянын алдын алуу боюнча башкармалыгынын башчысы;

2008-жылы Финансы министрлигинин Финансылык контроль башкармалыгынын башчысы;

2008-2009-жылдары Финансы министрлигинин Финансылык-бюджеттик контроль башкы башкармалыгынын башчысы;

2010-2011-жылдары Финансы министрлигинин Депозиттерди коргоо агенттигинин башкы аудитору;

2011-2012-жылдары Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин башкы аудитору;

2013-жылы Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Агрардык саясат жана айыл чарба өндүрүшүн стратегиялык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы;

2013-2015-жылдары "РСК Банк" ААКнын ички аудит бөлүмүнүн башчысы;

2015-2021-жылдары Финансы министринин орун басары.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости