www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Чимкирик» парламенттен өтүп кызматын жууп майрамдап жаткан энергетика министри  Кубанычбек Турдубаев айтып жатат:

-Мен мурун Садыр Нургожоевичтей жалаа менен жатпасам да, энергетика тармагында «ап» эте коюп соттуулугум бар. Садыр Нургожоевич президенттик шайлоо алдында буюрса май айынан баштап электр тарифин арзандатам деген, мен болсо тарифти көтөрүүнү туура көрүп жатам. –дейт.

Билим министри Алмазбек Бейшеналиев айтып жатат:

- Мен Садыр Нургожоевичтей Түркия президенти Эрдоганга түрк тилинде жооп бербесем да, гүленчилерге Эрдогандын душманы Гүленди колдогонум үчүн жагып келгем.

Коргоо министри Өмүралиев Таалайбек:

-Мен Коргоо министри катары Атамбаевдин убагында генерал-майордук чинимден ажырагам, эми Коргоо министри болдум, чин кеппи.  -дейт.

Анда Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев:

-Достор турганда министрлик кеппи, Атамбаев досу Сооронбай Жээнбековду президент кылды. Жапаров досу Талант Мамытовду президент кылды. Мен деле досум Бабанов турганда президент болом.- деп койот имиш.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости