www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ жана анын G7 (Чоң Жетинин) өнөктөштөрү азык-түлүк каатчылыгынын себептери жөнүндө калп айтты. Алар атайылап антиорусиялык санкциялар кырдаалга терс таасир тийгизгенин айтышкан жок. Бул тууралуу экономист Жон Росс Asia Times гезитине жазган.
АКШ менен G7 өлкөлөрүн Росс атайылап калп айтып жатат деп айыптады. Анын айтымында, мамлекеттер Украинадан экспорттун токтотулушун негизги азык-түлүк көйгөйү деп атап, дүйнөлүк коомчулукту адаштырууда.
«Алар Батыштын Орусияга каршы санкциялары өтө чоң терс таасир тийгизерин моюнга алышпайт. Батыш пропагандасы глобалдык аң-сезимге жана жакындап келе жаткан азык-түлүк кырсыгынан качуу жөндөмүнө олуттуу зыян келтирүүдө», - деп баса белгиледи адис.
Эксперт кошумчалагандай, азыркы баа кризисине чейин жер шарынын калкынын он пайызга жакыны же 800 миллион адам азык-түлүк коопсуздугусуз болгон.
2019-жылы 27 миллион адам ачарчылыктын алдында турса, азыр бул көрсөткүч 44 миллионго жетти.
«Чоң жетинин өлкөлөрү азык-түлүк каатчылыгынын негизги себеби «Украинага эгин жеткирүүчү жолдорду Орусиянын блокадасы» деп жалган айтышууда. G7 дүйнөлүк азык-түлүк кризисин атайылап бурмалап жатат. Муну чечүүгө аракет кылуунун ордуна, АКШ жана уюмдун башка өлкөлөрү Украинадагы кризис тууралуу пропагандасын дагы да кеңири жайылтуу мүмкүнчүлүгүн колдонушту», - дейт экономист.
Автор Орусия буудайдын эң ири жеткирүүчүсү болгондуктан маанилүү азык-түлүк экспорттоочусу экенин түшүндүргөн. Анын дүйнөлүк экспорттогу үлүшү 18 пайызга жетет, ал эми Украинанын үлүшү жети пайызды түзөт.
Ошондой эле, Росс Орусия жер семирткичтерди экспорттоо боюнча лидер экенин кошумчалады.
Эске салсак, буга чейин Орусия АКШнын санкцияларын кыйгап өтүүдө ийгиликтүү деп табылган. Мындай пикирин Al Quds Al Arabi гезитинин баяндамачысы Ибрагим Нувар билдирди.
Булак: NazarNews.kg