www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акын Шербет Келдибекова тогузунчу ирет туулган күнүн жер алдында тосуп жатат. Аны менен бирге иниси Дамирбек да. Экөө тең 27-майда бири эрте, бири кеч жарыкчылыкка келишип, экөө тең 2013-жылы бири эрте, бири кеч бул жашоону таштап кетишкен. Акындын экинчи жашоосу башталганына көп болду.

Азыркы жаштар китеп окубай, соцтармактар менен алек болуп калды го деп ойлогондор бар. Ушул заманда да акын Шербеттин ырларын окуп, таасир алып жаткандар да жок эмес экен. Тайтекеев Калыбек, Нурзат Мокенова сыяктуу ушул учурдун өткүр адамдары Шербеттин ырларына таасирленип, анын жазып кеткендерин казып окуп жатканы, анын өлбөстүгүн далилдейт. «Атаң өлсө өлсүн, атаңды көргөн өлбөсүн», - дегендей Шербет Келдибекова менен поэзия деңизин бирге сүзүшкөн Акын Шербет Келдибекованын көзү өткөндө акындашы, жакындашы Калбүбү Сариеванын жазгандарынан:

Сени арадан сууруп кеткен кабардын,

Сууктугун туюнтууга чабалмын.

Угар менен учуп жеткен менен да,

Өксүп, көздөн жашты төккөн менен да,

Кымбат курбум, кайдан сени таба алдык?

Күңгүрөнгөн күүгүм болуп, таң болуп.

Күтүүсүз күү таштап өткөн шаң болуп.

Сырдуу, ырдуу кете бердиң дүйнөдөн

Түшүнгөнгө чечиле элек чексиздик,

Түшүнбөскө түшүнүксүз жан болуп.

Күндөй жылуу, суудай тунук туйлаган.

Ойлору оргуп, Жерге көккө сыйбаган,

Жашоодо элден башка ыргакты туюнуп,

Жашоону өзгө добуш менен ырдаган

Жаркын элең, жанга зыян кылбаган.

Келген дартты канча жылдар тор жайып,

Жеңген, эрктүү, алдырбаган кол жайып.

Кете бердиң, толгонушаар топ биргем

Кайра арага кайрылбаган жол салып,

Тобубузга тополоңдуу ой салып...

Кош бол, курбум, ырларыңда туу тутуп,

Туулган жердин кышын, күзүн, жаз, жайын.

Таштап кеттиң. Жаткан жериң жай болсун,

Тирүүлөргө, түгөнбөс мүлк жазганың,

Түнөрбөгөн ырларыңдын асманын. ***

Жоголгондор, жоголгон доор... жоголгон

Жанып өтүп, менин жашоо жолумду-

Мен жок кезге, башталышка, бараткан

Мен аралап өткөн бардык тараптан.

Доорум менен кошо өтүшкөн досторум -

Жоголгондор... Жоголгон доор, жоголгон.

Жолугууга жаштыгымда шашкамын

Көңүлдөгү көп каалоолону аткарып.

Бар дечүүбүз, укмуш сонун келечек

Бүт адамзат эңсеп, бирок көрө элек.

Жашоо өзү чексиздиктен, жашоодо

Сезбептирбиз эңсөө чексиз ошончо.

Жоголгондор, жоголгон доор жоголуп,

Калды өзөрбөй, бир бүтүнгө айланып.

Бүтпөй менин канча сезим-туюмум

Болуп турам түркүн ойдун уюлу.

Шербет Келдибекованын ырларынан:

... Биз эми өлбөстүккө өттүк дайым –кыйырсыз кылымдардын өмүрүбүз

Ааламда жылдыз толуп ошол кезде, 

Деңиздер турган эле толкуп –ташып.

Дүйнөдөн өчөөр кезде –

Дүбүртү кылчактатып...

... Кеткенбиз кезип бүтүп тиричиликти,

Кейиште узатты эле жер жандары.

Учканбыз учсуз –түпсүз аалам –жайга,

 Угулбай уу –дуу түшкөн армандары.

 

Деңиздей оодарылып ошол кезде,

Деңиздей калган эле биздин өмүр –

Дүйнөгө агып кирип дайра сымал.

 

Жадырап калган эле жаздар, жайлар,

Жаш гүлдөр жаңы бүрдөп ачыла албай.

... Кеткенбиз кыйыры жок жолду баштап,

Кеткенбиз  кыяматтык жардай таштап.

 

Кызарбай өчкөн эле күндүн шары,

Кыямат кеткен эле көңүлүбүз.

... Биз эми өлбөстүккө өттүк дайым –

Кыйырсыз кылымдардын өмүрүбүз.

 

«Жаныңды тынчытпаган –тирүүчүлүк, жарыңдан ысык турган – тирүүчүлүк»

Ошентип карегиңе жашоо күйдү,

Ошентип жүрөгүңдө жашоо жүрдү.

Адамсың, Адамсың да,

Көп ирет өңү түсүң өзгөрүлдү.

 

Каныңда кайнап турган турмуш ошол,

Өңүңдө жайнап турган турмуш ошол.

Жаныңды тынчытпаган –тирүүчүлүк,

Жарыңдан ысык турган – тирүүчүлүк.

 

Кыялдай көкөлөгөн турмуш ушул,

Кыялдай өсө берген турмуш ушул.

О, алар –жомок – анын үзүндүсү;

Жазмыштай тороп үнсүз сулк селейет.

Жашоодой толкуп күңгүрт шоорат берет.

Оокумга дүйнө тымып,

Жылтырайт түпкүрүнөн – улуу тирлик!

 

«Улуу өмүр толкуп турду, уланып улам жаңы түйшүк менен»

Жылдыздар толуп турду зор ааламда,

Нурлары жерге –сууга сиңип кетип.

Чайпалып ташып турду улуу турмуш,

Толкуну жүрөктөрдү дирилдетип...

 

Бакытты издеп жүрдүк башаламан,

Бакытты издеп жүрдүк бардык жактан.

 

Улуу өмүр толкуп турду, бүтпөс сапар-

Уланып улам жаңы түйшүк менен.

Чындыкты издеп жүрдүк башаламан

Чындыкты издеп жүрдүк бардык жактан.

 

Дүйнөнүн бирдигинен жылдыз көрдүк,

Дүйнөнүн бирдигинен көрдүк мүрзө.

Дүйнөнүн бирдигинен чындык көрдүк:

Дуулады бакыт, сүйүү бардык тилде

Дуулады сан –саат өмүр... доор - дооран

Дуулады акыл –сезим, Адам –заман.

 

Канча өмүр күйүп –өчтү

Ак –кара, өмүр –өлүм, чындык –жалган,

Абалтан ажырашпай жашап калган.

Эки кол, эки буттуу, жалгыз баштуу –

Сен Адам, жашоо үчүн жүрөктү алган!

Сен Адам, жашоо үчүн күрөштү алган...

 

Төгүлө албай канча суу шарпылдады,

Көрүнө  албай канча учкун жаркылдады.

Канча түн күндүн түшүн сүйлөп кетти,

Канча өмүр күйүп –өчтү...

... Бир гана суудай тунук жомок калган!

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости