www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайда Коммунисттик партиянын 20-съездинен кийин да Орусия КЭРге стратегиялык өнөктөш өлкө катары кала берет. Бул тууралуу Орусиянын Илимдер академиясынын Кытай, Ыраакы Чыгыштагы социалдык-экономикалык изилдөөлөр борборунун жетектөөчү илимий кызматкери Розалия Варфаловская РИА Новостиге билдирген.
"Батыш дүйнөлүк экономиканын алкагында РФтин жогорку экономикалык жетишкендиктерин талкалоого аракет кылып жаткандыктан Орусия , ШКУ, БРИКС мамлекеттери Кытай үчүн стратегиялык өнөктөш өлкө катары кала бермекчи", — деген эксперт.
Ал Кытайда өтүп жаткан Коммунисттик партиянын 20-съездин эске салып, иш-чарадан кийин басым экономиканын бардык секторундагы инновациялык өнүгүүгө, коопсуздук, энергетикалык ресурстар менен камсыз кылууга жасаларын белгилеген.
Эксперт өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинин курамында олуттуу өзгөрүүлөр болбой турганын кошумчалаган.
Кытайдын Коммунисттик партиясынын 20-съезди 16-октябрдан 22-октябрга чейин Пекин шаарында өтөт. Ага партиянын 2000ден ашык делегаты катышып, беш жылдык жумуштун жыйынтыгы чыгарылып, алдыдагы беш жылга коюлган пландар талкууланмакчы.
Булак: NazarNews.kg