www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын дарегине бир топ сын-пикирлер айтылып келет. Тилекке каршы, бул боюнча чечкиндүү кадам менен аталган инспекцияны текшерүүгө эч ким батына элек. Негизи эле бул жер коррупциянын ордосуна айланганы, аны жашырып-жаап келишкени узун сабак кеп болуп айтылганы менен чара көрүлө элек.

Мисалга айтсак, Кара-Балта шаарында жайгашкан бир эле «Жунда» заводу экологиялык тармагынан, техникалык коопсуздугун көзөмөлдөгөн Экотехинспекцияга жылына 36 000 000 (отуз алты) миллион сом которот. Бул оңбогондой каражат кайда кетип жатканы белгисиз. Кур дегенде аталган инспекция элдин ден соолугу үчүн  Кара-Балта шаарынын башына бир, аягына бир аба тазалап туруучу жабдыкты коюп бергенгс жараган жок. Эл кат мснен кайрылып атып тили тешилди. Аталган жабдыктын баасы ашып барса7 миллион сомдун тегерегинде турат. Бул завод иштегенден бери 7 эмес, 150 миллион сом которуптур. Мына логика каякта жатат?

Биз бир гана «Жунда» заводун мисалга тарттык. Бул сыяктуу дагы канчалаган чакан жана ири ишканалар экотехинспекцияга миллиондогон каражатты которуп тураарын билебиз. Алардын дагы дайын-дареги жок. Бул боюнча тез арада териштирүү жүргүзбөсө, «бармак басты, көз кысты» саясаты менен көпкө барбайбыз го...

Булак: "Де Факто"

Последние новости