www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева иштен мыйзамсыз алынганына даттанып, мекеменин имаратынын ичинде пикет өткөрдү. Бул тууралуу ал “Фейсбуктагы” баракчасына жазып, плакат кармаган сүрөттөрүн жайгаштырды.

23-августта Мамбеталиева “Азаттыкка” билдиргендей, ал кызматтын ичиндеги коррупциялык көрүнүштөргө каршы чыкканы үчүн аны жетекчилик иштен алган:

- Мен кечээ кадимкидей эле жумушка барсам мени 15-август күнү берене менен жумуштан алып коюшканын айтышты. Мен башында түшүнгөн жокмун. Себеби биздин ич-ара келишпестиктер буга чейин эле чыгып келген. Мен жайдын башталышында “келгиле, президенттин коррупцияга каршы күрөшүн колдойбуз, биз дагы таза иштейбиз, өзүбүздөн баштайбыз” деп чыккам. Муну жалпы жамаатка, жетекчиликке да айткам. Анан биздеги айрым кызматкерлердин коррупцияга малынып жатканын, аты-жөндөрүн башчыбызга ачык айткам. Жаңы жетекчибиз Жолдошбек Жунушев менин айткандарымдын негизинде беш кишиден турган комиссия түзүп, иликтөө иштерин баштаган. Натыйжада мен атын атап берген адамдарды, ага кошуп мени да текшерүүгө алышты. 27-августта комиссиянын жыйынтыгы чыгып, чечим чыгарышмак. Ага жетпей эле мени мамлекеттик кызматка кайтып келбей турган берене менен иштен алып салышыптыр. Алар мага "өз арызың менен иштен кетсең, анда беренени алып салабыз" дешти. Бирок мени күнөөсүз жерден кетирип жатышканы үчүн арыз жазган жокмун, жогору жакка, медиага жана бардык тараптарга даттана турганымды айттым. Мага коркутуулар, эскертүүлөр да болду. Ошого кан басымым көтөрүлүп кетип, учурда ооруканада жатам.

Мамбеталиева ал көтөргөн коррупциялык иштер эмне фактылар экенин жана ага аралашкандар кимдер экенин атаган жок. Ал өмүрүнө коркунуч жаралса же укук коргоо органдары анын ишин иликтей баштаса тизмектеп берерин кошумчалады.

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын жетекчилигинен комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Мекеменин маалымат катчылык кызматынын номерине чалганыбызда, учурда директор Жолдошбек Жунушев Орусияда экенин айтышты. Ал эми директордун милдетин убактылуу аткаруучу Расул Артыкбаев телефонун көтөргөн жок.

Маалым болгондой, Жолдошбек Жунушев быйыл февралда аталган кызматка жетекчиликке келген. Анара Мамбеталиева мекеменин маалымат катчылык кызматында үч жылдан бери иштеп келаткан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости