www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеӊеште Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору бейөкмөт уюмдар, активисттер тарабынан талкууланып жатат. Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Бейшенбек Абдразаков бейөкмөт уюмдардын иш-аракети көзөмөлгө алынышы керектигин айтты.
“Бул мыйзам учурдун талабы, мурда эле кабыл алынышы керек болчу. Кыргызстанда 26 миӊден ашык бейөкмөт уюмдар бар. Алар 2 миллард долларга жакын гранттарды алышкан. Бирок алган акчаларынын дайыны жок. Алардын иш-аракеттери улуттун баалуулуктарына каршы келет. Мисалы, музейдеги жылаӊач аялдардын окуясы. Бул биздин маданиятка кылган терроризм, диверсия деп айтат элем. Жылаӊач аялдын денесин “мына бул маданият” деп, ич кийимге жазып алып, "бул адабият" деп таӊуулап жатышат. Ушундай тарбия менен кыргыз элинин келечеги каяка барат?”-деди экс-депутат.

Абразаков 2010-жылдагы июнь окуясына токтолуп, 500 адамдын өмүрүн алган каргашага тиешеси бар адамдарды дагы бейөкмөт уюмдар коргоп жатканын белгилеп, бейөкмөтчүлөр эмне үчүн түрмөдөгү аялдардын эмес же башкалардын таламын талашпай, Батыров, Аскаровдун таламын талашып жатканына кызыкты.

“Бейөкмөт уюмдун укук коргоочулары Кадыржан Батыров, Азимжан Аскаровдун таламын талашып БУУга чейин барып жатышат. Эмне үчүн биздин башка жарандардын укуктарын коргоп, таламын талашпайт? Ошон үчүн мыйзам кабыл алып, мамлекеттин коопсуздугу, стабилдүүлүгү, келечеги үчүн шарт түзүшүбүз керек”-деди ал.

Ал эми Асия Сасыкбаева бейөкмөт уюмдар мамлекетке жардам берип, жарандардын укуктарын коргоого жардам берет деген пикирин айтып, депутаттарга талкууга алынган мыйзам долбоорун колдообого үндөдү.

Булак: NazarNews.org

Последние новости