www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов каза болгон жубайына арнап ыр жазды. Анын ырынын тексти төмөндө өзгөртүүсүз берилди.

Кош жаным, жарым Жанарым

Канатым сынып кайрылды,
Бөлүшөөр барбы кайгымды?
Ажырап калдым жарымдан,
Өмүрлүк жаным, периштем.

Өксүдү жаным, ый толуп,
Санаага баттым ойлонуп.
Жазылган дешет маңдайга,
Башынан баары болжонуп.

Жаш элең, жаным жаш элең,
Баарына өзүң, баш элең .
Асылым сени, жар кылып ,
Төрөп берген ата-энең .

Адамдан элең башкача,
Жарашчу сени мактаса.
Ажалды таптың доктурдан,
Болобу баса айтпаса.

Жашап бир келгем жомоктой,
Сен барда баарын тоготпой.
Өксүттүң жанды асылым,
Олтурам ыйлап шолоктой.

Кош жаным, жарым асылым!
Жоготту жүрөк жакынын.
Бүдөмүк болуп алды жак,
Жетпей бир турат акылым.

Эске сала кетсек, 6-июлда экс-депутат Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы Жанара Турдакунова өпкөнүн эки тараптуу пневмониясынын көз жумганы маалым болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости