www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Сотто Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун кылмыш иши каралып баштады. Бул тууралуу экс-мэрлердин адвокаты Сергей Сласерав журналисттерге кабарлады.

Маалымат боюнча, соттук процесс эки жолу кийинкиге жылдырылган. Прокуратура жазаны катаалдаштыруу өтүнүчүн келтирген, айрым катышуучулар аппеляциялык арыз менен кайрылышкан.

“Азырынча арыз бере элекпиз, шаардык соттун чечимине каршы даттанууга даярданып жатабыз” – дейт адвокат.

Эске сала кетсек, Кубанычбек Кулматов «Бишкектеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга бөлүнгөн 2 миллион долларды максатсыз пайдаланып, жемкорлукка барган» деп айыпталып, камакка алынган. Ал эми Албек Ибраимов «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айып менен камалган. Бирок, экөө тең мындай айыпты четке кагып, күнөөлүү эместигин айтып келген.

Маалым болгондой, былтыр, 23-декабрда, Ленин райондук сотунда экс-мэрлерге байланыштуу сот отуруму уланып, Албек Ибраимов 15 жылга кесилип, Кубанычбек Кулматовго 5 млн сом айып пул салуу менен сот залынан бошотулуп, эркиндикке чыккан.

Үстүбүздөгү жылдын 24-июнунда Бишкек шаардык соту Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости